Садык Шер-Нияз: «КТРКнын Байкоочу кеңеши каралоо убагында башын кумга катып отурду» (видео)

Обратите внимание на дату публикации.

Депутаттарыбыз Өмүрбек Текебаевди, Канат Исаевди жөнсүз каралап жатканда Байкоочу кеңеш башын кумга катып, төө куштай болуп отурду.  Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету угулуп жатканда айтты.

«Депутаттарыбыз Өмүрбек Текебаевди, Канат Исаевди жөнсүз каралап жатканда Байкоочу кеңеш башын кумга катып, төө куштай болуп отурду. Шайлоо учурунда да башын катып отурду. Тагдырдын тамашасын караңыз, азыр эми КТР 180 пайызга бурулуп, бир кезде камчысын чаап, кызматын аткарып жаткандарды каралоого өттү. Туура, алар да бир кезде биздин саясий оппоненттерибиз болчу. Көп кордукту көрдү “Ата Мекен”. “Күнөөсүздүктүн презумциясы” деген түшүнүктү силер бекем сакташыңар керек. «Акыйкат сөзүн айта турган КТР» деп силерди шайлап бергенбиз. Силер ошол жумушту жакшы аткара албай отурасыңар»-деди депутат Садык-Шер-Нияз.

Видео

Источник: govori.tv