Ибраимов: Президенттердин арасында эң мыктысы Акаев болду

Автор: Айжамал Худайбердиева
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

«Кыргыз президенттеринин арасында эң мыкты, даярдыгы күчтүүсү Аскар Акаев. Анын аброю бүткүл дүйнөдө жогору болгон.» Мындай пикирин мурунку мамлекеттик катчы, филология илимдеринин доктору, профессор Осмонакун Ибраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Акаевге жетүү өтө кыйын маселе. Ал бийликте турганда кемчиликтер кеткен. Бирок ийгиликтери, позитивдүү жактары көп болгон.

«Аскар Акаевдин убагындагы ички жана тышкы саясатка тиешем бар. Биз туура саясат жүргүзгөнбүз. Сыймыктансак болот, бирок уяла турган эч нерсе жок. Эгер эл Ак үйгө жакындай турган болсо курал кодонобуз деп айтылганда 24-мартта эрте менен келип, Акаевд менен сүйлөшүп, курал колдонууа каршы экенимди билдирип, арыз жазып кызматтан кеттим. Азыр Акаев менен баарлашып турабыз», — дейт Ибраимов.

Ал буга кошумча, Акаевдин тарыхтагы, ролу, маанилүү маселе экенин белгиледи.

Источник: maralfm.kg