«Депутаттар президент Сооронбай Жээнбековго жагынып жатышат. Анткени алардын арасында да коррупцияга аралашкандары бар.» Мындай пикирин “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлдөрү президентке жагуу максатында өлкө башчынын айткандарын колдоого алып жатышат. Ошентсе да Жээнбековго оор болот. Анткени бюджет бош, тышкы карыз күн сайын өсүп жатат. Андыктан президент чечкиндүү чечимдерди кабыл алуусу зарыл.
«Эгер кылмышка шектүүлөрдүн баары чет өлкөгө качып кетишчу болсо Жээнбековдун коррупцияга каршы жасаган аракети текке кетет. Ошондуктан өлкө башчы максаттуу жаш реформаторлордон турган командасын түзүшү зарыл. Илимий методикалар менен иштеп, президентке сушун айта турган команда керек. Болбосо Кыргызстан дарыясы бар суусу жок, ГЭСи бар электр энергиясы жок мамлекетке айланды», — дейт Акимов.
Ал белгилегендей, өлкө башчы экономикалык кылмыштуулук жана саясий куугунтук менен камалгандардын ишин кайра карап чыгуу боюнча өзү тандаган сотторго гана ишенет. Алар да президенттин талабын аткарып, ишти адилетүү карап бериши зарыл.