Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынганы тууралуу маалыматты УКМК четке каккан жок

Автор: Бекболсун Молдояр уулу
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынганы жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылууда.

Маалыматка караганда, Кулматовдун үйүн тинтүү 20-майда жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине кайрылганыбызда, басма сөз кызматынан тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат айтылбай тургандыгын билдиришти.

Эске салсак, 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан суракка чакырылган, эмне маселенин негизинде чакырылганы боюнча аталган мекеме комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми сурактан чыкан Кулматов журналистердин суроолоруна жооп берип жатып: "Суроолор ТВЕА компаниясы грант катары берген акчага салынган мектеп боюнча болду. Башка эч кандай маселе болгон жок. Берилген каражатка Калыс-Ордо конушунда мектеп салынган. Баары мыйзамдуу болгон, балдар окуусун улантууда. Кылмыш иши козголгон эмес", - деген Кулматов.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо жаңы конушунда курулган 86-мектепке Кытайдан алынган гранттын эсебинен 2 миллион доллар жумшалган. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуштун жетекчиси Сталбек Өмүрканов 2 миллион доллар жетпей калып, Бишкек мэриясы 104 миллион сом бөлүп бергенин билдирген.

 

Источник: super.kg