Машиненин багажнигине түшүп алып Нарындан качкан Сагынбек Исмаилов

Обратите внимание на дату публикации.

Кээде түшкө кирбеген окуялар болуп кетет. Досуң заматта душман болуп, душманың менен ар кандай жагдайлардан улам дос болуп калышың да ыктымал экенин турмуш өзү кашкайта далилдеп келет. Айтайын дегенибиз, жаңы бийлик келгени мурдагы канкор Бакиевдин айрым “ бөрк ал десе, баш алган” “желдеттери” Жээнбековдор кланынын купулуна толуп жогорку кызматтарга дайындалып жатат. 

Башкасын айтпаган күндө да, Сагынбек Исмаиловдун УКМКнын коррупция менен курошүү кызматына дайындалганы Нарын элинин “оозун түз эле ош жакты каратты”. Анткени дал ушул Сагынбек Исмаилов 2010- жылы Нарын ички иштер башкармалыгын жетектеп революцияга чыккан элдин эркин басууга аракет кылгандардын ана башы.


Бирок эл деген бир каптаса селден да күчтүү экенин далилдеп Исмаиловдун “Ормон опузасын” “ чымын чакканчалык да көргөн эмес. Тескерисинче, жаалданган элдин сүрүнөн корккон “ суу жүрөк” Сагынбек мырза машинасынын багажнигине жашынып качып кетүүгө үлгүргөн экен.


Бүгүн болсо “кар жаады из басылды” деп жаңы бийликтин “ колтугуна кирип” “ жылуу жумшак” кызматта отурат. Кайран гана кырчын кезде кыйылган 90 өмүр Арадан 8 жыл өтпөй силер күрөшкүн Бакиевдин режиминин адамдарын кайрадан “ тайраңдатканыбыз үчүн силер бизди кечиргиле!

Кубанычбек Кулматов освобожден от должности главы ГТС. На его место пришел. Алмаз Онолбеков

Источник: oipikir.com