Өмүрбек Текебаевди камерада кайрадан ким аңдып баштады?

Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев отурган камерага кайрадан видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Камерада жалгыз отургандыгына байланыштуу, ал кишинин коопсуздугу үчүн, өзүнүн макулдугу менен видеобайкоо коюлду»,- деп айтылат маалыматта.

Бирок саясатчынын жактоочулары кайрадан видеобайкоону Текебаевдин макулдугусуз коюшту деп билдиришет.

Видеокөзөмөл мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен 11-апрелде алып салынган эле. Жогорку Кеңештин жыйынында аталган кызматтын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөмбиев Текебаев отурган камеранын ичиндеги видеобайкоо алынганын айткан.

Источник: govori.tv