Акыркы кездеги коррупцияга каршы күрөштөн улам Марал радиосу 16-апрелден 23-апрелге чейин сурамжылоо жүргүздү. Угармандарга «Сиз азыркы учурда мамлекеттик ведомствону башкарып турган жетекчилердин ичинен кимди коррупцияга аралашпаган, таза иштеген деп эсептейсиз?»-деген суроо коюлуп, анын жыйынтыгында, эң көп добуш алган саясатчылардын тизмеси чыкты. Сурамжылоого жалпысынан 1000дей угарман катышты. Алардын добуштары Инстаграм (radio_maral), Фейсбук, Твиттер (radiomaral), Одноклассники “Марал радиосу”, Whatsapp аркылуу кабыл алынып, ТОП-5ке төмөнкү саясатчылар чыкты:
- КР Президенти Сооронбай Жээнбеков
- ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков
- Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров
- Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов
- ЖК депутаты Жанар Акаев
Ошондой эле бул сурамжылоонун кийинки тизмесинде Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов, Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшембиев, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Ализа Солтонбекова, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, Депутат Төрөбай Зулпукаровдор турат.