Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан эскерүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев жана бир катар парламент депутаттары катышты.
«Айкөл-Ала Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев өтүп жаткан иш чарада үй-бүлөлүк башкаруу жакшы жолго алып барбасын, апрель окуясынын катышуучулары бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып тураарын белгилеп, «Эгерде кимдир бирөөлөрдүн үй-бүлөлүк башкарууга ыктоо кыялы болсо биз аны карап тура албайбыз«., дп билдирди.