Turmush - КСДП партиясынын съездине Жогорку Кеңештин эки депутаты — Асылбек Жээнбеков менен Искендер Матраимов чакырылган жок. Бул тууралуу 31-мартта Бишкектеги маалымат жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
Журналисттер партиянын съездине катышпай калган делегаттар нааразы болгондугун айтып, съездди партиянын катарын тазалоонун башаты катары кабыл алууга болобу деп сурашты.
«Биз партиялаштарыбыз менен өз алдыбызча маселелерди талкуулоону туура көрдүк. Көп адамдар чакырылган жок деп айта албайм. Эки депутат – А.Жээнбеков жана И.Матраимов чакырылган жок. Ага дагы өзүнүн себептери бар.
Ал эми партиянын катарын тазалоо боюнча, бул эртең эле жасай турган иш эмес. Мен баарын дыкаттык менен изилдеп чыгышым керек. Бул чоң иш. Кийинки шайлоого чейин эки жыл бар. Баары мыйзамдын чегинде болушу керек», - деди ал.
А.Атамбаев КСДПнын съездине эки депутаттын чакырылбаганын тастыктады
![]() |
2 апреля 2018
Версия для печатиОбратите внимание на дату публикации.
Источник: Баракелде
Материалы на тему
- — Атамбаев избран председателем политсовета СДПК
- — "Это я попросил Сапара Исакова уволить "серого кардинала Райыма-миллиона", - А. Атамбаев
- — Алмаз Атамбаев: "Асылбек Жээнбеков должен сдать депутатский мандат, уйти, он трижды был депутатом от СДПК, дважды – спикером, достаточно"
- — У кого кружится голова из-за двух шефов?