Сооронбай Жээнбеков: "Фарид Ниязов мыкты мамлекеттик ишмер. Анын чечимин сыйлайм. Менин жанымда дагы ишти алып кете турган мыкты кызматкерлер бар"

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 6-мартта президент Сооронбай Жээнбековөлкөдөгү ММК жетекчилерин жолугушууга чакырып, учурдагы талкуу жаратып жаткан актуалдуу суроолорго жооп берди.

Өлкө башчы Фарид Ниязовдун президенттик аппараттын башчылыгынан кетүү чечимин сыйлай турганын айтты. "Фарид Абилезимович мыкты мамлекеттик ишмер, мамлекеттик иштер боюнча мыкты менеджер. Президенттик шайлоо кезинде ал менин штабымды жетектеди. Ошондо эгер жеңишке жетишсем, ал аппарат башчысы болору тууралуу келишкенбиз. Ал кызматтан кетем деп арыз жазды. Анын чечимин сыйлайм. Ал орун көпкө бош калбайт. Менин жанымда дагы ишти алып кете турган мыкты кызматкерлер бар", - деди мамлекет башчы.
https://www.super.kg/kabar/news/222991/

Источник: super.kg