Талапкерлерди кош жарандуулугу үчүн кылмыш жазасына тартуу сунушталды

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
28 февраля 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Борбордук шайлоо комиссиясы кош жарандуулугун жашыргандарды кылмыш жазасына тартууну сунуштап жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнура Журабаева билдирди.

Анын айтуусунда, депутататтыкка талапкер документтерин тапшырууда өзүнүн кош жарандуулугу тууралуу маалыматты жашырып койсо аны жалган маалымат катары кабыл алуу керек.

Депутаттыкка талапкерлердин кош жарандуулугу үчүн жаза берүүнү эл өкүлү Дастан Бекешев да сунуштоодо.

Учурда депутат Аида Салянованын ордуна келе турчу Клара Кабилованын Орусияда жарандыгы бар же жоктугу текшерилип жатат. Тийиштүү арыз Орусиянын Федералдык миграция кызматына жиберилген.

Казакстандын Алматы шаарында атайын операция учурунда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жараны экени айтылгандан кийин кош жарандуулук темасы талкуу жаратууда.

 

Источник: maralfm.kg