Эрлан Абдылдаев кесиптеши менен кармалган депутат тууралуу сүйлөштү

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
28 февраля 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов менен аткезчилик үчүн кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун иши боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуу “Борбордук Азия+Вышеград тобу” пленардык жыйынынын алкагында ишке ашты.

Министрлер Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча жагдайды тактоо, анын жарандыгы боюнча маселелерди өзүнчө пунктта карашты.

Ошондой эле, алдыңкы убактарда ишке аша турчу визиттердин мөөнөтүн, эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык алакалары талкууланды.

Источник: maralfm.kg