Марат Кайыповдун эсине жара чыкканбы, же КурСалиевичтин экинчи аялын мыйзамдаштырам деп жүрүп кырдаалды байкабай калганбы?

21 февраля 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Элибиздин эсинде жосунсуз жоруктары менен гана калган саясатчылар арбын. Алардын бири экс-юстиция министри Марат Кайыпов экенин жакшы билебиз. Азыр «Марат Кайыпов дегенди тааныйсызбы, анын кандай иши эсиңизде калды эле?» деген суроону жолдой турган болсок, баардыгы «Аа баягы эки аял алууну мыйзамдаштырыш керек деп жүргөн эргулбу» деп жооп беришээри бышык. Андан башка жасаган иши деле жок.

Ошол эрен жакында эле кыргыз тилдүү басылмалардын бирине маек куруп «Бакиевдин маалында кимдер камалганын эстей албайм» дептир. Мына, тамаша! Демек, ошондо Марат мырза Бакиевдин маалында «таттуу уйкуда» жаткан болуп калабы? Же көзүн чылк жуумп, кулагын жапырып алып жүрдү беле?

К. Бакиев тарыхта канкор президент, качкын президент катары калары бышык. Ал бийликке келгенден көп узабай эле кыргыздын кыраан жигиттери, чыгаан жигиттери биринин артынан бири окко уча баштаганын жалпы кыргыз эли билет. Раатбек Санатбаев, Жыргалбек Суравалдиев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, Медет Садыркулов, Тынчтык Акматбаев, Рыспек Акматбаев жана башкалар канкор бийликтин курмандыгына айланышкан.

Мындан тышкары журналисттер Алишер Саипов, Геннадий Павлюк өлтүрүлгөн. Сыргак Абдылдаев аттуу журналист 16 жеринен бычак жеп, Жараткандын амири менен аман калган. Канчалаган журналисттер, саясатчылар канкор режимдин куугунтугуна чыдабай чет өлкөлөрдөн башпаанек алууга аргасыз болушкан. Жалпысынан алганда К. Бакиевдин доорунда 61 адам бийликтин буюртмасы менен өлтүрүлгөн экен. Мунун баарын Марат Кайыпов балким билсе да билгиси келбейт.

2010-жылы апрель революциясына бир күн клаганда, 6-апрель түнү ошол учурдагы оппозиция өкүлдөрү А. Атамбаев, А. Бекназаров, Ө. Текебаев жана башкалар үйлөрүнөн алынып келинип, камакка алынганын да айта кетели. Же муну да Марат мырза билбейби?

Кыязы, ал ошол убакта кошоматка кой союп, К. Бакиевдин токолун мыйзамдаштырып берем деген аракет менен жаналекетке түшүп жүрүп, канкор режимдин капшабы кандай болгонун билбей калса керек да…

А баса, ал эми 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында бийликке үнүн угузуу үчүн чыккан, колунда куралы жок өз элине ок чыгарып, 90 баланын өмүрүн кыйып, миңден ашуунун түрдүү деңгээлдеги жарадар кылганын айтпай кетсек болбос. Андыктан М. Кайыпов эми элдин алдында бетине чиркөө кылгысы келбесе, мындан ары тарыхты так айтып жүргөнү эп болор.

 
 

Источник: focus.kg