Б.НАРГОЗУЕВ МЕНЕН Р.ЖЭЭНБЕКОВДУН ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮГҮНӨ ЧЕК ЖОКПУ?

15 февраля 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Биздин оппозицияга түшүнүп болбойт. Айткан сөздөрүн угуп отурсаӊ, алардан өткөн акылдуу адам жоктой сезилет. Бирок кылган иштерин көрсөӊ бетине түкүргүӊ келет. Маселен, “Акжолдун” “капчыгы” болуп жүргөн Б.Наргозуев менен “коррупциянын өгөй атасындай” болгон Р.Жээнбековду кимдер билбейт. Р.Жээнбеков убагында Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турганда дүнүйө топтогону белгилүү. Атап айтканда приватизация саясатына жамыгып алып 300 ашуун социалдык объектилерди, пансионаттарды өз кишилерине ит бекер каттатып алган. Бүгүн ошол байлыктын эсебинен кутуруп жүрөт.

Бул эки эргул бүгүн “эл деп жүрүп эсибиз ооду, эми эс алуубуз керек” деген ой менен Таиландда эс алып жүрүшөт. Оозунан ак көбүк акканча акыл айтып, бирок өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар болуп, бул экөө жылуу жайга барып эс алып келем дегендерин кандай баааласак болот? Достору темир тор артында ачкачылык жарыялап ”кезээрип” жатышса, Б.Наргозуев менен Р.Жээнбековдор минтип курортто жыргап жүрүшөт. Кышкы сууктан тажашканбы же ысык жердин табиятын сагынышканбы, кыскасы жакшылап эс алышат окшойт. Экөөнүн теӊ капчыктары калың эмеспи, эс алышсын. Кара жандарын жакшы карашат. Бирок кыргыз элине күйүп-бышкан, тим эле элдин камын жеген адамдардын түрүн көрсөтүп акыл айтканда жаның кашаят.

Өз кызыкчылыктары үчүн өзгөлөрдү садага чаап, жандим болгондордон эмнени күтсө болот? Ыйман, абийир деген түшүнүктөрдөн алыс, эки жүздүүлүк менен элди эрмектегенди өздөштүргөн кыйды саясатчылардын бу сапары бөтөн жерде, бөлөк элде журт ынтымагын буза турган чоң иш чаралардын маселесине арналбайт деп ким кепилдик бере алат? Демейде оппозиция өкүлдөрү карындарын кампайтып күнгө кактанып келгенден кийин саясий шоулар башталып калчу эле. Таиланддан күч-кубат топтоп келип, кайра баягы эски обонду созоору турган иш. Кыш катуу болуп, эл кыйналып жатканда бул эки эргулдун жылуу куротко качкан “эрдигин” эки жүздүүлүк дебей анан не дейбиз?

Баса, бул экөө эл аралык уюмдардан, айрыкча Батыштан грант алуунун устасы болуп алышты. “Көп алдыӊ, аз алдыӊ” деп ич ара тытышып аткандарына караганда грантка келген акчаны деле курортко жумшап коюшат окшойт бул эрендер. Болбосо бул экөө сайты менен телекомпаниясындагы журналисттерин азыноолак акча менен алдап, ачка калтырышпай грантка келген акчасын толук беришет эле го.

Источник: kurch.kg