Коомчулуктун пикири: Партиялар көп, бирок КСДПга ишеним чоң

13 февраля 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп, көз карандысыздык алгандан бери карай партиялардын саны өсүп баратканы белгилүү. Бир убакта маалымат булактарында “партиялар жаандан кийинки козу карындай эле жайнап кетти” деген сүрөттөөлөр да пайда болгон. Ал эми парламентке партиялык тизме аркылуу келүү шарты киргизилгенден бери карай дагы бир топ шашылышш түзүлгөн партиялар пайда болду. Андай партиялардын айрымдары өз доорун сүрүп-сүрбөй жок да болушту. Айрымдары дагы деле жашап атканы менен, толук кандуу партия боло албай жатышканы белгилүү.

Демек, акырындык менен өлкөбүздө партиялардын ирилешүү процессинин жүрүшү зарылдыгы байкады. Эл дагы шашылыш түзүлгөн жаңы партияларга ишеним көрсөтүүдөн алыс боло баштады. Ошол эле убакта өлкөбүздүн алдыга жылышы үчүн тиешелүү деңгээлде салымдарын кошо албай жаткан эски партиялардын да акырындык менен кадыр-баркы төмөндөп, саясий архивге кеткени туру. Ошондон улам биз элибиз учурда кайсыл партияларга ишеним арта турганын сурамжылап турууну чечтик.

Таалайбек КОҢУРБАЕВ, жеке ишкер, Бишкек шаарынын тургуну:

– Көп эле партиялар бар экенин билем. Бирок алардын көпчүлүгүнүн эмне иш жасап атканын билүү өтө кыйын. Жанагы шайлоо алдында эле түзүлө калып, аябай кулакка жагымдуу ураандар менен чыккан партиялардын көбү узаккка созулбай эле ичтеринен ыдырап аткандардын да көрүп атабыз. Муну өзү ал партиялардын мүчөлөрүнүн башын бирдиктүү иделогия, бирдиктүү максат бириктирип турбаганын көрсөтөт. Жөн гана убактылуу кызыкчылыктар үчүн биригишсе керек.

Андыктан мен азыркы тапта бир гана КСДП партиясынан үмүтүм чоң. Биринчиден, бул партиянын узак жылдык тарыхы бар. Экинчиден, ушул партиянын лидери А. Атамбаев 2011-жылы бийликке келгенден бери өлкөбүздө бир топ жакшы өзгөрүүлөр болду. Үй-бүлөлүк бийликти жоготту, ачык-айкындуулукту орнотту. Коррупцияга каршы ачык күрөш жүргүздү. Шайлоолордун таза өтүшүнө шарт түздү. Демек, бул партиянын лидери өзүнүн конкреттүү позициясы бардыгын, ал позиция мамлекеттин кызыкчылыгына багытталганын далилдеди. Ошондон улам аталган партияга гана ишеним чоң.

Жеңиш ТОКТОНАЗАРОВ, Токтогул шаарынын тургуну:

– Сөз менен иштин айкалуушуусун мен КСДП партисынан гана көрүп келатам. Болбосо айрым партиялардын “7%дан ипотекалык кредит”, “электр энергиясын өз баасында берүү” деген сыяктуу убадаларын укпадык беле? Ал эми КСДП партиясы андай куру убадалардан алыс.

Аталган партиянын атынан учурда экинчи президент өлкөнү башкарууда. Экс-президент А. Атамбаев өз мөөнөтүн өтө жогорку деңгээдле өтөдү. Президенттик шайлоо алдында берген убадаларынын өтөсүнө чыкты. Коррупцияга каршы күрөшөм деген, күрөштү. Шайлоолорду акыйкат, таза өткөрөм деген, муну да аткарды. Анын учурунда Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Анан президенттикти да татыктуу, тынчтыку жолу менен өткөрүп берди. Эми партиясын тазалоо, реформалоо менен алектене турганын билдирген. Демек, бул партиянын келечеги кенен экенинен кабар берет.

Таалайгүл ӨСКӨМБАЕВА, Кант шаарынын тургуну:

– Партиялардын санынан баш адашат. Ырасын айтканда, мен конреттүү бир партияга толук ишенем деп айта албайм. Баары эле шайлоолордун алдында толтура убадаларды беришет, бирок аткарылышы кыйын болууда. “Өнүгүү-Прогресс” аттуу партия жакшы иштеп аткандай болгон. Тракторлорду дыйкан-фермерлерге берип аткандарын телеканалдардан көп көргөнбүз. Бирок, акыркы учурда ал партиянын деле иши билинбей калды.

Руслан БУРУКОВ, Бишкек шаарынын тургуну:

– Албетте, ар бир партиянын жүзү-анын лидери болуп саналат. Партия лидери таза болсо, демилгелүү болсо, сөз менен иши дал келип турса, анда ал партиянын да аброю бийик болот. Бул жагынан алганда КСДП партиясы өлкөбүздөгү алдыңкы партия болуп турат. Элдин бул партияга ишеними чоң. Себеби, экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүздү жаңы нукка салды. Үй-бүлөлүк, авторитардык режимден кутула албай келаткан мамлекетибизди демократиялуу өлкөгө айлантты. Мурда оппозиция өкүлдөрү көчөлөрдө гана кыйкырып келсе, азырык 7-8 жылдан бери карай оппозициянын парламентте өзүнүн трибунасы пайда болду. Мунун өзү коомубуз ачык-айкындуулукка жетишти дегенди түшүндүрөт. Демек, ачык-айкындуулук бар жерде өнүгүп-өсүү боло турганына күбө болуп келебиз. Андыктан мен КСДП партиясына ишенем.

Марат ТОКТОБОЛОТОВ, Кара-Балта шаарынын тургуну:

– Мен жеке чарба иштери менен алектенем. Тактап айтсам, мал чарбачылыгы менен үй-бүлөмдү багып келем. Бизге окшогон жеке фермерлер үчүн өлкөнүн тынчтыгы, стабилдүүлүгү баарынан кымбат турат. Негизи эле жалпы элибиз үчүн тынчтык керек. Анан дагы акыркы жылдарда фермер, дыйкандары колдоо багытында бир топ жакшы аракеттер жүзөгө ашууда. Мына ушундай аракеттердин башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турган. Ал КСДП партиясынан экенит белгилүү. Демек, бул партия өзүнүн ишке жөндөмдүү экенин көрсөтүп келатат. Менин билишимче экс-президент учурда аталган партияны жаңылоо, реформалоо менен алектенип жүрөт. Мунун өзү КСДП дагы күчтөнүп аткананын тастыктайт.

Нурбек РЫСПЕКОВ, дыйкан

– Мурда “Республика” партиясына ишенип келдим эле. Ал партиянын лидери да жаш, амбициялуу эле. Бирок, акыркы жасаган кадамдары менен ошол ишенимдерди күбүп салгандай болду. Азыр кайсы партияга ишенеримди деле билбей турам.

Айзада АБДЫЖАПАРОВА, Талас облусунун тургуну:

– Азыр парламентте бир нече партиянын өкүлдөрү отурат. Бирок, эмнегедир мага КСДП партиясы гана иштеп аткандай сезилип келет. Албетте, бул партия дагы даңыланууга муктаж экенин экс-президент А. Атамбаев да убагында билдирген. Билишибизге азыр дал ошол процессти аталган партия башынан өткөрүп атса керек. Ошол эле убакта акыркы алты жылда жасаган иштерге баа бере турган болсок, анын көпчүлүгү КСДП партиясынын шыбагасына туш келет. Себеби, А. Атамбаев ушул партиядан президент болкп келген. Өлкөбүз чынында өзгөрдү. Стабилдүүлүк бекемделди. Буга КСДП партиясынын салымы чоң. Эми мындан ары дагы бул партия саясаттын чордонунда болуп, Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн жакшы натыйжалуу иштерди жасай берет деген ойдомун.

Булак: Мантыш

Источник: egemen.kg