Жакшы саамалыктар, ийгиликтер менен коштолгон 2017-жыл

29 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Убакыт деген учкан куш экенин, аны менен алышып-күрөшүп эч ким токтото албай тургандыгын жер каймактагандан бери мезгил өзү далилдеп келатат. Ошентип кече эле 2017-жылды тосуп отурган болсок, бүгүн бул жылды узатуу алдында турабыз. Жылына жыл тогошоор мезгилде «Өтүп бараткан жыл кандай жылдардан болду, кандай окуялар менен, ийгиликтер менен эсте калды?» деген суроо жаралат. Бул ирет да ушул суроого жооп издей турган убакыт келип отурат.
Бул жарыкчылык дүйнөдө, жер бетиндеги кыбыр эткен жан-жаныбарлардан тарта, кыймылсыз турган табияттын тоо-таштарына чейин биринчи кезекте тынчтык керек экендиги белгилүү. Адам баласы үчүн өзгөчө маанилүү. Андыктан өтүп бараткан жылыбыз тынчтык менен коштолгону башкы жетишкендик катары бааланат.
Ар бир мамлекет өзүнүн тынчтыгын, коопсуздугун сактоо үчүн аракеттерди жасайт. Кыргызстан да бул багытта тиешелүү иш-аракеттерди жасады. Өлкөбүздүн ички ишине кийлигишүүнү көздөгөндөр да болду. Түрдүү кооптуу аракеттерди пландагандар да болду. Ошолордун баарын алдын ала алдык.
Бул жылдагы башкы жетишкендик катары – бийликтин тынчтык жолу менен, шайлоо аркылуу алмашканын айтсак болот. Бул кадам менен биз дүйнө коомчулугуна Кыргызстанда да бийлик революция жолу менен эмес, цивилдүү жол менен, мыйзам жолу менен алмаша тургандыгына ынандырдык. Шайлоо биометрикалык маалыматтар, жаңы технологиялардын колдонулушу менен өткөрүлдү. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлдү. Административдик ресурстарды колдонуу түп-орду менен токтотулду. Добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого жол берилген жок. Шайлоонун жыйынтыгын БШК дагы түз эфир аркылуу эл менен кошо көрүп отурушту.
Бул шайлоого дүйнө мамлекеттеринен келген эл аралык байкоочулар байкоо салып, шайлоонун ачык-айкын жана таза өткөнүн бир ооздон белгилешти. Демек, бул өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнүн пайдубалын биротоло бекемдеди десек жаңылышпайбыз. Эми бийликке келгиси келген саясатчы, саясый топтор элди көчөгө көтөрүп чыгуу аркылуу эмес, жасаган иши, кадыр-баркы менен шайлоодо добуш алуу аркылуу гана келе ала тургандыктарына терең ынанышты.
Бул жыл коңшулаш Өзбекстан менен достук жана ынак коңшулук мамиледе жаңы деңгээлге көтөрүлө алган жыл болду. Эгемендик алган жылдардан бери карай эле эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси боюнча бүтпөгөн талаш-тартыштар жаралып келген. Экс-президент А. Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиеевдин жүргүзгөн саясатынын негизинде эки мамлекеттин ынтымагы кайрадан бекемделип, мамлекеттик чек аралардын 85%ы такталды. Мына ушул чек ара маселеси боюнча келишимдерге кол коюлду.
Ош аймагында «Достук» өткөрмө бекетиндеги мурда бир тараптуу жабылып келген чектөөлөр алынып салынып, карапайым жарандардын кубанычына чек жол болуп отурат.
Дагы бир чоң жетишкендик Ала-Бука районунун аймагындагы Орто-Токой суу сактагычына эми Кыргызстан баш-көз болуп, башкаруу укугуна ээ болду. Бул суу сактагычты эки өлкө биргелешип пайдаланат. Өзбекстан суу сактагычты пайдалангандыгы үчүн чыгымдарын төлөп берет.
«Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө», — деп айтылды расмий билдирүүдө.
Мындан сырткары жыл соңунда коңшулаш Казакстан менен да мамиле кайрадан жакшырып, бир туугандык, достук маанайга өттү.
Коррупцияга каршы күрөш бул жылы да уланды. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегендер тиешелүү жазаларын алышты.
Эми алдыда кирип келаткан 2018-жыл дагы өлкөбүз үчүн ийгиликтүү, ак жолтой жыл болсун деген тилекти айтмакчыбыз.

 
 

Источник: focus.kg