Сооронбай Жээнбековдун бир айы: бийик максаттарды жүзөгө ашырууга салынган чыйыр жол

29 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура бир айдан ашыгыраак убакыт өттү. Албетте, бир айдын ичинде мамлекеттик масштабдагы иштерди жасап үлгүрүп калуу өтө кыйын. Жакшы түшүм алыш үчүн дыйкан дагы адегенде жазында жакшылап жерди айдап, анан ага жакшы үрөөндөн сээп, андан соң жакшылап жумшартып, жакшылап сугарып, анан гана күзүндө барып жакшы түшүмүн алат эмеспи. Анын сыңары бүгүнкү күндө мамлекет башчысы жакшы түшүм алуу үчүн өзүнүн күжүрмөн эмгегин жасап аткандагы учуру.
Мына ушул бир айдын ичинде эле С. Жээнбеков төрт ирет чет мамлекетке сапар жасады. Анын мамлекет башчысы катары алгачкы иш сапары 29-ноябрда Россия Федерациясына жасалды. Ал жактан Россия президенти В. Путин, премьер-министри Д. Медведев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды мындан ары да тереңдетүү багытында пикир алмашты.
Андан соң ошол эле күнү Минскиге Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын юбилейлик саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барды. Ал жактан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен да жолугушуп, 10-октябрдан тарта көйгөйлүү болуп келген чек ара маселесин биринчи эле жолугушууда чеча алды. Ошол Минскидеги жолугушууда Н. Назарбаев С. Жээнбековду Астанага расмий сапар менен келүүгө чакырган.
Коңшулаш Өзбекстанга расмий сапар менен 13-декабрда барды. Акыркы жылда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана бир туугандык, коңшулук мамилелер жылуусуна тартып келатканы белгилүү. Мына ошол жакшы жөрөлгөнү мындан ары да улантып, ынтымакты дагы да бекемдөөдө С. Жээнбековдун Өзбекстанга жасаган сапары өтө маанилүү болду. Бул жолугушууда «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолун куруу долбооруна, маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерине, чек аралардагы кызматташууну өнүктүрүү жаатында сөз козголду.
Ал эми 25-декабрда Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин чакыруусу менен С. Жээнбеков Астана шаарына расмий сапар менен барды. Эки өлкө башчысынын жолугушуусунда ЕАЭБдин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Эки өлкөнүн акыркы айда сууп кеткен мамилелери кайра жанданды.
Казакстан менен мамиленин кайрадан жакшы нукка түшүшүнө, чек ара көйгөйүнүн чечилишине С. Жээнбековдун жүргүзгөн туура саясаты негиз болгонун жашырууга болбойт. Ал мурдагы калыбындагыдай, өзүнүн жасап аткан ишин ашыкча пиарлоодон алыс болуу менен өзүнүн эл алдында берген убадаларын аткарууга жан дили менен берилип иштеп атканын баамдасак болот. Андыктан азыркы тапта элибиздин мамлекет башчысына болгон ишеними өтө чоң. Муну коомдук ишмерлер, саясатчылар да билдирүүдө.
Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров: «Бүгүн эл арасында президентке болгон ишеним абдан жогору. Эмне дегенде аз эле убакыт ичинде Сооронбай Шарипович президенттикке келген соң эл аралык мамилелер өтө жакшырганын баарыбыз эле сезип жатабыз. Албетте, өзүнүн алдына койгон максаттардын баарына бир ай ичинде жетүү кыйын. Бирок бул максаттардын аягына чыгат деген ишеним бар», — деген пикирин маалымат булактарынын бирине билдирген.
Албетте, бир ай ичинде алдыга койгон максаттардын баарына жетүү кыйын. Бирок, жогоруда айтып кеткендей ошол максаттарга баруучу чыйыр салынууда. Коомчулукта президент С. Жээнбековдун карапайымдыгы, иштин көзүн таба билген көрөгөчтүгүнө, тазалыгына карата чоң ишеним бар. Кудай буюрса, мына ошол ишенимдер толугу менен аткарыларына ишеним чоң.

Источник: focus.kg