Улан Саляновдун өлүмүнөн саясат издөө эми токтойбу?

28 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ушул жылдын 6-ноябрында борбор калаабыздын четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн экс-баш прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Салянов киши колдуу болгон эле. Анын үйүнө куралчан адамдар кирип, атып кетишкен. Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Албетте, бир тууганын жоготуп, сыздап турган Аида айымдын абалын туура түшүнөбүз. Бирок, ушул жерден да кандайдыр бир саясат издөө акылга сыйбаган жорук болсо керек. Мындай дегенибиздин себеби Аида Салянова өзү да, анын партиялаштары да бул окуядан саясый себеп издешип, «Улан Саляновдун өлүмү анын эжеси Аида Салянованын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон» деп алдын-ала эле тыянак чыгарып салышты.

Бирок, Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кол салгандар Улан Саляновдон акча талап кылганын, ошондуктан тергөөдө «каракчылык» деген версия каралып жатканын буга чейин айткан эле.

Мына ушул кылмыш иши боюнча ИИМдин берген жаңы маалыматына ылайык, 1986-жылы жарык дүйнөгө келген Бишкек шаарынын Э. О. аттуу шектүү жаран кармалган. Ал кармалган учурда жанынан Салянов атылган «Макаров» тапанчасы 17 огу менен табылган. Сурак берүүдө ал жогорудагы кылмышты жасаганын мойнуна алганын да айта кетишибиз керек. Бүгүнкү күндө анын жанынан табылган курал экспертизага жиберилип, иликтөө иштери уланууда.

Демек, бул жерде эч кандай саясат болбогону белгилүү болду. Бул иштен саясат издеп аткандардын эми оозу жабылат болду бекен? Же дагы бир жомокту ойлоп чыгышабы?

Источник: focus.kg