Качкын премьер Данияр Үсөнов учурда Белоруссияда чоочун ысым менен бизнес жасоодо

22 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Канкор Курманбек Бакиевдин көздөй кадры, анын премьер-министри болгон Данияр Үсөновдун учурда Белаэлруссияда таптакыр кыргыздын аты-жөнүнө окшошпогон ысым менен ири агрардык долбоордун жетекчиси катары иштеп атканы Кыргызстандын коомчулугуна эки-үч жумача мурун эле билинген. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев Данияр Үсөнов Белоруссиянын паспортун алганын, ал паспортунда Даниил Урицкий болуп аты-жөнүн өзгөртүп алганын да маалымат булактарына билдирген. Муну Белоруссиянын Naviny.by интернет-сайтына да билдирген.

Мына ушундай ысымдагы (Даниил Урицкий) адам «Белорусская национальная биотехнологическая корпорация» (БНБК) ЖАКсын жетектей тургандыгын да ошол белоруссиялык сайт жазган.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчисинин айтымында Д. Үсөнов Беларуссияда жашырынып алып, Бакиевдер менен тыгыз байланышып, бизнести да чогуу жасашат. Бул коомдук бирикме 2010-жылдын апрель окуяларында канкор Бакиевдердин огунан жабыркагандарды бириктирип турат. Расмий маалыматтар боюнча ошол окуяда 84 адам курман болгон.

Д. Үсөнов ошол убакта өлкөнүн премьер-министри эле. Мына ушундай жогорку кызматты ээлеп туруп, ал Бакиевдерге өз элине ок атпоосун, бул үчүн тарых эч качан кечирбей тургандыгын айта алган эмес. Натыйжада ал дагы Бакиевдер менен кошо мамлекеттен качкан. Апрель окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде ал дагы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Өткөн аптада «Айкөл Ала-Тоонун» өкүлдөрү Кыргызстандагы Беларуссиянын элчилигинин имаратынын алдына акция өткөрүшүп, анда Александр Лукашенкого ««Козелду» корооңузга киргизбеңиз» деген сунушту айтып жана Үсөнов-Урицкийди кыргыз бийлигине өткөрүп берүүсүн өтүнүшкөн.
«Бул алдамчы өз элине эч кандай жакшылык жасаган эмес. Беларуссияда да эч кандай жакшы нерсе жасабайт», — дейт Мээрбек Мискенбаев. Анын айтымында Үсөнов-Урицкийди Кыргызстандын Баш прокуратурасына жана ТИМине өткөрүп берүү боюнча коомчулук кайрылган. Кыргызстандын ТИМинде да Д. Үсөнов Беларуссияда Даниил Урицкий деген ысым менен жашырынып жүргөнү боюнча маалыматы бар.

Беларуссиялык Naviny.by сайты бул маалыматтын тегерегинде иликтөө жүргүзгөн. Д. Үсөнов менен Д. Урицкий экөө бир киши экендигин аталган сайтка дагы бир булактан тастыктап беришкен. БНБКнын кеңсесине кайрылышып, Д. Урицкий менен жолугушууну суранышканда, «Ал азыр жок, жолугушууда» деген жоопту угушкан. Электрондук почта аркылуу суроо жөнөтүшсө, жооп келген эмес.

Аталган корпорациянын кеңсеси Минск шаарынын борборунда жайгашкан. Айлана-тегереги курчалган. Кирүү атайын уруксат менен гана жүргүзүлөт. Ал жердин кайтаруучуларына Д. Үсөновдун сүрөтүн көргөзүшүп, «Д. Урицкий ушул кишиби?» деп сурашканда, «Азыраак окшош» деген жоопту угушкан.

БНБК өткөн жылдын август айында президент Лукашенконун жарлыгы менен түзүлгөн. Документке ылайык, Пуховичск районундагы 160 гектар жер аянтына лизин, треонин, триптофан, кошмо тоют өндүрүү жана дан сактоочу кампа комплекси, автокомбинат, илимий-изилдөө лабораториясы жана башка обьектилер курулат.

БНБКнын негиздөөчүлөрүнүн курамына россиялык «Вирен-Инвест» (15%) компаниясы, Миноблисполком (33%), канадалык Biotech Agriculture International Inc. (27%) жана Agro Industries International Inc. (25%) компаниялары кирген. Акыркы эки фирманын негизги ээси болуп Pregan Foundation оффшордук компаниясы саналат.

Айрым маалыматтарга караганда бул долбоордун артында Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы бар. Ошондо Беларуссия бийлиги Бакиевдер менен биргеликте бизнес жасап аткан болуп калабы?

 
 

Источник: focus.kg