Текебаевдин туулган күнү менен кошо коррупциянын сынган күнүн да белгилейли

22 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Россиялык ишкерден “Мегакомду” арзан алып берем деп 1 млн. доллар пара алып, анысы бардык соттордон далилденип, 8 жылга кесилген саясатчы Өмүрбек Текебаевдин 22-декабрда туулган күнү экен. Бул датаны “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү белгилегени жатыптыр. Алар жаңы жыл майрамын бир шылтоо кылса, Текебаевдин туулган күнүн экинчи себеп кылып шапар тепкени турат. Мынча болгондон кийин “ата мекенчилер” коррупциянын сынган күнүн да майрамдашса жарашмак. Анткени, Текебаев эң белгилүү саясатчылардын бири болуп туруп ири өлчөмдөгү пара алып, анысы ашкереленди. Текебаевдин соттолушу башка паракор саясатчыларга үлгү болду.

Негизи Текебаев темир тор артында азап тартып жатканда анын туулган күнүн эркиндикте жүргөн “ата мекенчилердин” майрамдаганы, шарап ичип ойсоңдогону өз “кожоюнун” шылдыңдоо менен барабар эмеспи? Эгер “майрамды” уюштуруп жаткан Асия Сасыкбаева сыяктуу саясатчылар Текебаевге чындап күйгөндө мындай шаан-шөкөттөн алыс болуп, ага болушунча укуктук жактан кол сунмак. Ага кетирген убактыларын Текебаевге арнап, анын ал-абалын сурамак. Лидери абакта жатса, булар болсо шарактап майрамдап жүргөнү кандай?

Источник: focus.kg