Кыргыз жаштары Назарбаев аркылуу Бакиевге ич кийим берип жиберишти

Обратите внимание на дату публикации.

Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттигинин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевден маек алып, даректүү тасма тартканына Кыргызстандын жаштары нааразы болууда. Буга байланыштуу бүгүн, 30-ноябрда 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта жараат алгандар жана жарандык активисттер Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына акцияга чыгышты.

Алар Курманбек Бакиевге ич кийимдерди чогултуп, аны Нурсултан Назарбаев аркылуу берип жиберүү ниеттерин билдиришти. “Айкөл Ала-Тоо” коомунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаев Казакстандын мамлекеттик телеканалынан канкор Бакиевге эфир берип, 7-апрелдеги ыңкылап тууралуу тескери багытта көрсөтүп жатканын сынга алды. “Казакстанда ушундай революция болбошу керек деп эли чыгып жатканда айла жок жасап жатат”, – дейт ал. Ошондой эле М.Мискенбаев Казакстанды 7-апрелдеги ыңкылаптын маанисин өзгөртүп жатат деп айыптоодо.

Чынында Казакстандын “Хабар” мамлекеттик телеканалы көрсөткөн тасма Нурсултан Назарбаевди гана баатыр кылууга багытталган, Кыргызстандагы окуяларды бурмалаган. Анда Кыргызстандагы тынчтыкты, туруктуулукту Назарбаев орнотту деген ойду таңуулаган. Ошондой эле казактардын митингге чыгып көтөрүлүшүнөн чочуган. Айрыкча алардын Бакиевден маек алганы кыргыз коомчулугун нааразы кылууда.

Источник: egemen.kg