Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны: “Алмазбек Атамбаев мындан да жогорку сыйга татыктуу”

Обратите внимание на дату публикации.

Мен Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууну туура деп эсептеймин. Ал мындай сыйлыкка татый турган эмгек жасады.

Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда биринчи жарлыгым Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү болот деген. Ал бул сөзүн аткарды.

Убакыт өткөндөн кийин Атамбаевдин эмгектери мындан да жогору бааланат. Экс-президент өтө чоң баага татыктуу. Анын аткарган иштери жылдар өткөндөн кийин дагы да бааланат. Анткени Атамбаев чынында баатырдык кылды, убакыт да буга өз баасын берет.

Албетте, кээ бирөөлөргө президенттин бул сыйлыгы жакпайт. Бирок, Атамбаевдин жасаган эмгеги талашсыз жана жогору. Мен Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүүнү туура кадам деп эсептеймин.

27-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жарлыгы менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге  “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарды.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда биринчи жарлыгым Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу болот деп билдирген.

Источник: egemen.kg