УКМКнын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында өлкө аймагында 15-октябрь күнү президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары угузулган маалда башаламандык уюштуруп, административдик имараттарды басып алууга камданып жаткан топ аныкталып, алар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу, атайын кызматтан кабарлашты.
Маалым болгондой, буга чейин жардыруучу затты мыйзамсыз сактап жүргөндүгү үчүн мурда соттолгон ЖКнын экс-депутаты К.Шайымбетов, алдын ала башка адамдар менен сүйлөшүп алып шайлоодо бир талапкер утулуп кала турган болсо массалык башаламандыкка активдүү катышууну көздөгөн. К.Шайымбетов жана анын тарапташтары кылмыштуу аракетин ишке ашыруу максатында акыркы күндөрүн курал-жарак, ок-дары издөө менен алектенишкен.
Кечээ, 14-октябрда бул факт боюнча К.Шайымбетовго менен анын санаалаштарына карата “массалык башаламандык уюштурууга камдануу”, “бийликти күч менен басып алууга камдануу”, ошондой эле “ок атуучу куралдарга, ок-дарыларга, жардыруучу заттарга, түзүлүштөргө мыйзамсыз ээлик кылуу жана сактоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган учурда УКМКга жеткирилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган топтун кайсыл кандидатты бийликке жеткирүү үчүн кандай план түзүп жатканын жана курал-жарак, ок-дары сатып алуу аракеттерин толугу менен төмөнкү аудио жазуудан уга аласыздар.
ЧУКУЛ КАБАР: 15-октябрда кан төгүүгө даярданып жаткандар колго түштү