КАЙРАТ ОСМОНАЛИЕВ, БШКНЫН МҮЧӨСҮ: “БАБАНОВДУН ШТАБЫНЫН БШКНЫ АЙЫПТАГАНЫ СУУ КЕЧПЕЙТ, МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ГАНА ИШТЕП ЖАТАБЫЗ”

10 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

– Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы БШКны айыптаган билдирүү таратты. Анда БШК бир тараптуу иш алып барып, Бабановдун атаандашынын пайдасына иштеп жатканы айтылат. Чын эле бир тараптуу иштеп жатасыздарбы?

– Булардын айткандарынын баары жалган. Суу кечпеген ушак сөз. БШК мыйзам чегинде гана иш алып барып жатат.

– Анда эмне үчүн Бабановдун штабы жанын жеп жатат деп ойлойсуз?

– Учурда Бабановдун үстүнөн арыздангандар абдан көп. Аны БШК кароого милдеттүү. Биз жумушчу топтун корутусунан кийин реакция кылышыбыз керек. Ошондуктан БШКны айыптоо менен кээ бир талапкерлер жоопкерчиликтен кача албайт.

Источник: kurch.kg