Расул ҮМБӨТАЛИЕВ, эксперт: “Эгер Бабановдун массалык башаламандыкка акча таратуу аракети, төңкөрүштүн башында турганы далилденсе өтө катаал жазага тартыш керек”

10 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

–  9-октябрда “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүп жаткан жеринен кармалды. Мунун артында президентткке талапкер Өмүрбек Бабановдун турганын аудио тасма тастыктоодо Шайлоо астында Кыргызстанга ушундай төңкөрүштүн же революциянын кереги барбы?

–  Чындыгында кыргыз эли башынан эки революцияны өткөрдү. 2005-2010-жылдардагы бийлик алмашуу баарыбызга чоң сабак болду. Азыр калкыбыз ызы-чуудан, башаламандыктан чарчады. Жөнөкөй эл эч качан муну каалабайт. Президент Алмазбек Атамбаев таза шайлоону камсыз кылып, бийликти тынч жол менен өткөрүп берем деп жатат. Ошондуктан бардык талапкерлер элдин, мамлекеттин эртеңки тагдырын ойлошу керек.   

– Бабановдун өлкөдө массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү аракети экинчи ирет ачыкка чыгууда. Эгер териштирүү ишинде анын күнөөсү далилденсе кандай жазалаш керек?

– Эгер Бабановдун массалык башаламандыкка акча таратуу аракети, төңкөрүштүн башында турганы далилденсе өтө катаал жазага тартыш керек.

– Ага анын мандаты тоскоол болбойбу?

– Мандат эч качан тоскоол болбойт. Анткени, төңкөрүш деген оор кылмыштардын катарына кирет. Менин божомолум боюнча Бабанов качат. Бирок, аны качырбай камаш керек. 

Ал эми бизге окшогон патриот күчтөр эч качан башаламандыкка жол бербейбиз. Эки революцияда мекен үчүн турганбыз, бул жолу да тик турабыз. Кыргызстандын кызыкчылыгы баарынан жогору турат бизге. 

Источник: egemen.kg