Бабановдун “төӊкөрүш” сценарийин кимдер аткарат?

10 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Өмүрбек Бабановдун айланасы президенттик так талашта утулат окшойбуз деп маанайлары сууп калды. Бирок өз максатына жетмейинче тынбаган жан кечти неме Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин  жана олигарх досторунун колдоосуна таянып, болбой эле “өлбөгөн жерде калам” деп чамынып жатканын көрүп атабыз. Шайлоодо утулуп калса чаӊ-тополоң чыгарып, төӊкөрүш жолу менен болсо да бийликти алуу сценарийи Канат Исаев аркылуу жалпыга маалым болду.

Бул максатта, өлкөнүн бардык аймактарында спорт менен алектенген жаштардан топторду түзүү боюнча команда берилген экен. Бабанов шайлоодо утулуп калса Талас облусунда (2010-жылдагы окуялардын үлгүсүндөгүдөй кылып)  атайын даярдалган жаштарды Таласта жана башка жер-жерлерде митингке алып чыгууга даярдыктар көрүлүп жатканын бизге ишенимдүү булактардан шыбырашты. Жаштар таяк, Молотовдун коктейлдери менен куралданып, атчан шаар көчөлөрүнө каптап кириши да пландалган. Ошондой эле Таластагы акциялар бүткүл өлкө боюнча уюштурула турган митингдердин дүрмөтү болууга тийиш. Алардын эркине койсо, беш жылдан бери ызы-чуудан арылып, элибиз бейкуттукта жашап жаткан Кыргызстанды кайрадан чыр-чатактын аралчасына айланта турган ойлору бар.

“Жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп шайлоодон кийин нааразы болгондор көп болот. Акчанын күчү менен чыр чыгарса болот. А бирок элди ким ойлойт? Элди да аяп койсоңор боло!

Источник: zanoza.media