Президенттик шайлоо: Тышкы күчтөрдүн таасири тиеби?

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
10 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандагы президенттик шайлоого тышкы күчтөрдүн таасири кандай жана канчалык болот деген тема көп талкуулана баштады. Тышкы күчтөр жөнүндөгү талкууну президент Алмазбек Атамбаев да мамлекетке салым кошкон кызматкерлерге сыйлык тапшыруу учурунда козгоп, бир катар талапкерлерди сындап өттү. Президенттик шайлоодо тышкы күчтөр чыны менен таасир эте алабы? Ушул тема алкагында мурдагы Ички иштер министри Садырбек Дубанаев менен “Күн чекит” программасында маек курдук.

Чыны менен президенттик шайлоого тышкы күчтөр таасир эте алабы, тышкы күчтөр таасир этип өзгөртүп жибере турган күчкө ээби?

Негизи тышкы күчтөрдүн шайлоо учурунда мамлекеттин ички саясатына кызыкчылыгы болуп, айрым талапкерлерди колдосо, албетте бул биз үчүн кыйын эле маселе. Анткени, эгемендүү мамлекет болгондуктан шайлоо болобу, же башка маселе болобу, тышкы күчтөрдү кийлигиштирбөө керек. Кыргызстан эли азыр чоң сыноонун алдында турабыз, 5 күндөн кийин мамлекеттин эртеңки келечеги үчүн шайлоо болгону турат. Президенттик шайлоонун алдында тышкы күчтөр менен болгон сүйлөшүүлөр массалык маалымат каражаттарына көбүрөөк чыгып кетти, бул туура эмес. Себеби, ар бир жаран өзүнүн каалаган талапкерине добушун бериши керек. Тышкы күчтөр, акча жактан жардам береби, оозеки колдоо көрсөтөбү, баары бир ага жол бербеш керек. Алардын колдоосуна караганда ушул күндөрү элибиздин тынчтыгы артык.

Акыркы убакта атайын кызматтар акыркы учурда тыңшоо, аңдуу менен алек болуп калды деп айрым оппонеттер айтып жатышат, сиз буга кандай дейсиз?

Укук коргоо органдары болсун, күч түзүмдөрү болсун, Мамлекеттик коопсуздук комитети болсун, алар биздин коопсуздугубуз үчүн күнү-түнү иштеши керек. Сүйлөшүүлөрдү тыңшаса да, башка мамлекеттен маалымат алса да элдин коопсузудугун сактоосу керек. Мен өзүм, күч органдарында иштеп жүргөн адам катары айтам, шайлоонун учурунда күчөтүлгөн тартипте иштөө талап кылынат.

Азыркы күндө кандай таасир болсо да коомчулук көп нерсени өзү чечүүгө убакыт келдиби, коомчулуктун ою өзгөрдүбү?

Туура, азыркы күндө элдин кулк-мүнөзү, аң-сезими, саясатка болгон мамилеси абдан өзгөрдү. Бирөө айтты деп тигил же бул жакка ооп кетпейт. Бирок, турмуштун айынан акчага азгырылып кеткендер болуп жатат. Бирок, тыйынга азгырылбай жүрөгү менен тандап добуш берсе деп айтат элем. Эртеңки мамлекетибизди өнүгүүсүн алыстан карап көрсөк шоола көрүнүп калды, ушул жол менен акырындан бара берсек көч бара-бара түзөлөт. Жаш, курч жигиттер өсүп келе жатат, алар 5-6 жылдан кийин кайра президенттикке коюп калышат. Ал үчүн президент болом деген учурда гана убада берип баштабай элге-журтка жакын болуп, жардам берүү керек. Өз айылына, районго, шаарга жакшы иштерин жасаса аны эл өзү эле көтөрүп алат.

Источник: maralfm.kg