Алмазбек АТАМБАЕВ, КР Президенти: “Ким дос, ким кас экенин ажырата билели, Кыргызстаныбызды чайпалтууга жол бербейбиз”

Обратите внимание на дату публикации.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда бир катар элге эмгеги сиңген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Дал ушул иш-чарада өлкө башчысы Кыргызстандын учурдагы саясый кырдаалына, айрым саясатчылардын жана коңшулаш мамлекеттин жетекчисине татыктуу баасын берди.
Айрым президенттикке талапкерлер акыркы кездери аша чаап, элге жалган маалымат таратып эле тим болбой “акыркы 6 жылда эч нерсе жасалган жок” деп ооздорун кургак чөп менен аарчып жаткан. Мамлекет башчысын мактап жүргөндөрү анын жасаган эмгектерин көз көрүнө жокко чыгарып, душман жасабаган кылыкты кайталап баштаган. Айрымдары болсо канкор президент Курманбек Бакиевдин өчүн элден алганы жатканы белгилүү болду. Мындай акыйкатсыздыкка, жүзү каралыкка чыдабаган Атамбаев агынан жарылды. Өлкө башчысы Бакиевдин “малайлары” үчүн бийликте орун жок экенин айтып, кандуу режимдин кайтып келишине бекем каршы турарын дилилдеди. “Ким Бакиевдин доорун кайтарууну кааласа, мен алардын ар бири менен сүйлөшөм. Келечекте биз ким бизге дос, ким бизге кас экенин айра билүүбүз керек. Мамлекетибизди чайпалтууну көздөгөн адамдар бизге керекпи? Биз жетишээрлик жабырландык, бизде ансыз деле эң жакшы жарандарыбыз жетишээрлик каза болду. Алты жылда мен Кыргызстандын жарандарынын ишенимине арзыдым деп ишенем. Анан биздин жергиликтүү бай-манапчик «алты жылда эч нерсе жасалган жок, коррупция гүлдөп атат» деп атканда биздин талапкер коррупцияны андан баштай турганын туура айтты. Мурда мен жумшак болдум, ишенчээк болдум… Андайларды тыптыйпыл кылыш керек. Алардын орду түрмөдө!”, – деди Атамбаев.

Эскилер жаштыгына карабай саясаттан кетет
Президент айрым өздөрүн жаш, жаңы муундун өкүлдөрү атаган саясатчылардын ичинде “ит өлгөнүн” мисалга тартып, мындай адамдар кыргыз саясатында болбошу керектигин билдирди. Өлкө башчысы 1,5 айдан кийин алар менен саясаттан чогуу кетерин, өзү саясатка кайтып келгени менен “эскилер” экинчи саясатка жолобой турганын ишенимдүү айтты. “Мен акыйкат, таза бийликтин үлгүсүн көрсөткөнүмө сыймыктанам. Мында мага Темир Жумакадыров өңдүү кадрлар жардам кылышты. Өлүм биздин арабыздан бирөөнү алып кетти, бирок биз алты миллиондон ашыкпыз. Мен Кудай буюрса, шайлоодон кийин бардык эски элитаны ала кетем, бирок мен кайтып келем, а алар эч качан кайтып келбейт. Себеби, азыр башка адамдар жана силер өзүңүздөр көрдүңүздөр: үч эң эле мыкты, көрүнүктүү компаниялар менин заказым боюнча социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Эгерде башында президенттин атынан талапкерге 3% болсо, ал Бабановдо 39 болгон, азыркы тапта биздин талапкерге 40%дан ашуун, ал эми Бабановдо – 20%. Биздин адамдар ким кандай экенин айырмалай алат. Бирок, ал үчүн мурда эмне болгон, мурда кандай жасалганын караш керек”, – деди ал.

“Коопсуз шаар” долбоорун Бабанов ойрон кылган
Буга чейин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Коомдук каналда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Сооронбай Жээнбековго асыла калып оозу жап болгон эле. Президент Атамбаев дал ушул долбоордо Бабановдун эл билбеген кылыктарын шардана кылды. Алмазбек Атамбаев Ө. Бабановдун эсине «Коопсуз шаар» долбоору үчүн курал-жарак таратканын салды. “Бул талапкер “Коопсуз шаар” жүзөгө ашпай калганы үчүн 5 миң жаран каза болду деп кыйкырып атат. Укчу, урматтуу, сен 2012-жылы премьер-министр болуп туруп «Коопсуз шаар» программасын реализациялаганы үчүн 24 адамды кымбат курал-жарактар менен сыйлагансың. Көрсө, сен ал үчүн сыйлагандан кийин биздин мамлекет эбак эле коопсуз турбайбы! А сиз ар бир пистолетке канча алдыңыз?! Ошондуктан мен жалпы мамлекетке айтып атам, кааласа – жазалайт, каалабаса – жок. Эгерде мен мыйзам бузсам, мени соттошсун, мен эч кайда кетпейм, бул менин өлкөс жана менин башкы тилегим – ушул жерден топурак буюруу”, – деди А.Атамбаев.

Жаш президент Казакстанга керек!
Бир жарым ай убакыт калды, эгерде биздин коңшулар, коңшулаш жетекчилер эсине келбесе мен башкача сүйлөшөм деген президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин Кыргызстандагы шайлоого кийлигишип жатканына катуу жооп кылды. Анткени, буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Бабановду кабыл алып Кыргызстанга жаш президент керек дегендей сүйлөгөн. “Эмнеге казак бийлиги бизге ушундай жетекчилерди таңуулап жатканын, алар Бакиевдерди жакшы көрөт. Мен азыркыга чейин Казакстандын расмий жүздөрүнөн Бакиевдер адамдарды атып туура кылды дегенин угуп жүрөм”, – деди президент.

Ошондой эле ал Казакстандын ИДПсы чындыгында Кыргызстандыкынан 20 эсе көп экенин айтуу менен, бирок эмне себептен анда Казакстандагы пенсиянын көлөмү болгону 1,5 эсе жогору экенин, ал эми тарифтер 5 эсе жогору тураарына суроо салды. “Себеби Казакстанда байлыктарды уурдап атат. Анан Атамбаев аларга жаман мисал көрсөтүп атат. Себеби, эл акыйкат бийликти каалап атат… Назарбаев Бабанов менен жолугушуусунда жаш президент тууралуу туура айтты. Кыргызстанда президенттикк талапкерлердин эң улуусу Назарбаевден 20 жаш кичүү. Жаш президент кимге керек? Бизгеби же Казакстангабы?”, – деген суроо салды ал. Буга улай эле бизди үйрөтүштүн кереги жоктугун, биз өз жолубузду тапканыбызды эскерте кетти.

 
 

Источник: focus.kg