Гимнди сыйлабай, чакырылбаган жерге барып “сук” болгон Мадумаров

Обратите внимание на дату публикации.

8-октябрда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Кочкор-Ата шаарынын миңдеген тургундары менен жолукту. Дал ушул жолугушуу башталып жатканда дагы бир талапкер Адахан Мадумаров келип, Жээнбековдун иш-чарасында чагым салууга аракет кылды. Гимн ойнолуп, бүтүндөй катышуучулар оң колун көкүрөккө алып турганын пайдаланган Мадумаров трибунага жетип барган. Текеберленип мамлекеттик гимнди сыйлап да койгон жок. Маалыматтарга караганда Сооронбай Жээнбеков Адахан мырзаны командасына кошулганы келаткан деп ойлогон. Бирок, чакырылбаган “коноктун” максаты арамдыкта, ич күптүлүктө экени заматта байкалды.

Эмне үчүн Мадумаров “суктугун” көрсөтүп чакырылбаган жерге барып чыр салды? Анын бул аракети адамгерчиликке сыябы? Албетте жок. Эгер Адахан Кимсанбаевичте кылдай уяты болгондо бул ишке барбайт эле. Бүтүндөй кыргыз эли колдоп жаткан талапкерге мындай жол менен бут тоспойт эле.

Учурда Сооронбай Жээнбековдун рейтинги күн сайын көтөрүлүүдө. Аны колдогондордун саны саат сайын артууда. Ал эми Мадумаровдун “мен гана” деген текеберлиги, ичи тардыгы буга чыдай алган эмес. Анын үстүнө Адахан мырза ошол күнү Кочкор-Атада шайлоочулар менен жолукмак экен. Элдин көпчүлүгү Жээнбековдун жолугушуусуна кетип, аны колдоп эч ким келген эмес. Бул көрүнүш Мадумаровдун ичин жеп, “ызылдап” барып эл алдында уят болду.

Эң кызыгы, Жээнбековду колдоп келген эл тарап жатканда Мадумаров ошолорго арманын төккөн. Бирок, көпчүлүк ага кол шилтеп баса берген. Ошентип Кимсанбай ажынын баласы салтта жок ишти жасап, эл алдында дагы бир жолу уят болду. Мадумаров жок дегенде Кыргызстандын символу болгон гимнди сыйлап койбогону көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. 15-октябрда мындай адамдар эл тарабынан татыктуу “жазасын” алат.

Источник: zanoza.media