Криминалды талкуулаган “НТС” кожоюнун жанындагы “караларды” көрбөйбү?

28 сентября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

25-сентябрдын кечинде президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун “НТС” деген менчик телеканалы шайлоого криминалдык топтордун аралашып жатышын талкуулап, кожоюнун жактаган адамдарды болушунча сайратты. Дал ушул талкууда алар алдыдагы шайлоодо кримтөбөлдөр курал катары колдонулуп атканын айтып “заркакшашты”. Айткан кептеринин биринде да факты жок. Бирок алар Бабановдун “каралар” менен тыгыз кызматташып, үгүт учурунда алардын күчүн пайдаланып, керек болсо туу көтөрткөн көрүнүшүн көргүсү жок.

Мисалы, Бабановдун Чүй облусундагы жолугушуусунда “Сакал” каймана аты менен белгилүү Улан Токтосуновдун жакын балдары аны коштоп жүрдү. Муну тастыктаган сүрөт интернетте кызуу талкууланып, Бабановго нааразы болгондордун саны басымдуу болууда. SLiv.kg сайтынын маалыматы боюнча, Өмүрбек Токтогуловичтин жанында туу көтөрүп жүргөн жигит Сүйүмбаев Таалайбек Бектурович 1981-жылы Бакай-Ата районунду туулган, учурда Кара-Балта шаарында жашайт. Таалайбек деген бул жигит адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон, бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан белгисиз жагдайда иши кыскартылган.

Таалайбек Сүйүмбаев “Эл-Аман” партиясы аркылуу Кара-Балта шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, ал жерге спикер да болгон. Ошол учурда Сүйүмбаев криминалдык топторду, кытайлык “Жунда” заводунун айланасында чатак чыгаргандарды каржылык жактан колдоп жүргөн.
Бабановдун талкуу жараткан дал ушул сүрөтүндө аны жандай баскан дагы бир костюмчан жигит Кара-Балтадагы “каралардын” активдүү мүчөсү болгон Улан деген бала. Ал өз “карьерасын” маркум Рыспек Акматбаевдин кылмыштуу тобуна кошулуу менен баштаган. Кийинчерээк Алмаз Бокушевдин тобуна кошулуп, далай ишкерлерди коркутуу менен акча талап кылган жайы бар. Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, “Сакалдын” балдары Таласта Бабановго активдүү иштеп жатыптыр.

“НТС” таасирдүү телеканал экени талашсыз. Дал ушул канал Бабановдун күнү-түнү арыгын чаап, бир тараптуу гана маалымат таратууда. Буга ошол криминалдар тууралуу берүүсү бир мисал. Ошондой эле такталбаган имиштер менен КСДП сунуштаган талапкерди бир тараптуу шыбоодо. Өзүнүн башындагы “төөнү көрбөй”, башканын бетин “тыткан” жорукту токтотуу керек. Мунун баарын эл көрүп турат.

Булак: Курч

Источник: egemen.kg