Дипломаттар ушактарга үн катпайт, алар чектен ашкандарга гана жооп кайтарат

24 августа 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Өгүнү, Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого аттанып жаткандыктан талапкердердин баарына бирдей шарт болушу керек деген принцип менен кызматын тапшырды. Ошол замат интернет айдыңында учурдагы Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковго карата маалыматтык чабуул башталды. Буга чейин анын дарегине капкайдагы жөө жомокторго негизделген материалдар жарыяланып келсе, бул ирет бир да далили жок каралоого багытталган видео ролик пайда болду.

Жалаң ушактарды камтыган, бирок сапаты жагынан Батыш өлкөлөрүндөгүдөй аталган видео ролик жарык көргөндөн бери “Сапар мырзанын өкмөт башчылыкка келүүсү кимди “паникага” салууда?” деп коомчулук башын тырмап отурган кези. Себеби, медиа тармагында иштегендер буга окшогон материалды жасоого бери дегенде эле 3-4 миң доллар сурары бышык. Ал эми мынчалык каражатты аталган кызматка эптеп илээшип калууну эңсеген ичи арамга толгон адам гана жумшары айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Эми интернетке тараган видео роликке келсек, бир да далили жок каралоо. Муну Сапар мырза өзү да көрүп чыкканын, ушундай ушактарды таратууга кызыкдар адамдар бар экенине аң-таң болуп жатканын билдирди. Буга чейинки ЖМКларда өзү тууралуу жалгандар айтылып жатса, кулак сыртынан кетирип келгенин айткан ал: “Мен, муну жасаган адамды сотко берүүгө абдан ынтызармын. Бирок ким экенин табышым керек. Сотто бул видеодогу сөздөрдүн ар бири карандай калп экенин тастыктап, өзүмдүн абийирим ак экенин далилдегим келет. Анткени мен үчүн ишимдеги басып өткөн жолум абдан маанилүү. Ал эми каралаган сөздөр мага чоң зыянын тийгизет”, – деп баса белгиледи.

Агынан жарылып, ушак таратандарды күнөөлөгөн Сапар мырзаны түшүнсөк болот. Себеби, ал киши кесиби боюнча дипломат. Эки элдин башын кошо турган кесиптин ээлери “кызыл чекке” жеткенде эмес, андан ашканда гана үн катуу катышат. Бул дипломатиянын эң башкы эрежелеринин бири.

Сапар мырзанын сөздөрүнө таянсак, ал тууралуу имиштерди таратууга кызыкдар бир гана адам бар. Ал акчалуу, учурда президенттикке талапкер Кыргызстандын эле жараны. Мындан улам, Сапар мырза кимди айтып жатканын болжолдой берсек жаңылбайбыз. Атап айтканда, ал Акаев менен Бакиевдин уулдарынын таманын жалап жүрүп топтогон байлыгына чиренип, шайлоо убактысы бүткөндө “мен президент болом” деп жаткан ажолукка талапкер экени анык. Атын атабасак да өзүңүр ким экенин билип турган ал талапкер өлкө башчыбыздын жаштарга орун берели деген чакырыгына каршы чыгып, бар күчүн эптеп бийликке жетүүгө жумшоодо. Ишенгени миллиондор. Ошентип, президент болбой калса, жок дегенде кайрадан премьер-министр болууну самаган анын арам ою ачыкталып калды. Мындан улам аны колдоп жаткан жаштар “кептин баары тостокто жаткан турбайбы” деп андан оолактай башташты…

Источник: egemen.kg