Кыргызстанда төрт саясатчы президенттик шайлоо алдында биригип, бул жараянга бирдиктүү саясий күч катары катышууну чечишти. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров билдирди.
Мадумаров менен кошо “Ата-Журт Мекенчил” партиясынын теңтөрагалары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев 6-августтун кечинде жолугуп, келишим кабыл алышты. Анда жаңы партия түзүү жана бирдиктүү талапкерди колдоо тууралуу айтылат.
Анда “Биз чечкиндүү түрдө ушул күндөн баштап өлкөдөгү боло турган бардык саясий иш-чараларда бирдиктүү саясий күч катары катышабыз жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоодо бир талапкерди колдойбуз. Ошондой эле биз кызыкдар болгон бардык тараптар менен кызматташууга даяр экендигибизди билдиребиз. ” деп айтылат.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин 60ка жакын жаран билдирген. (KE/RK)