Олжобай Шакир: Атеисттик көз карашым үчүн коркуткандар болууда

Фото: Писатель Олжобай Шакир
Обратите внимание на дату публикации.

"РухЭш" сайтынын ээси, таанымал жазуучу Олжобай Шакир өзүнүн атеисттик көз карашы үчүн Фейсбуктан анын өмүрүнө коркунуч келтирген жорумдар жазылып жатканына кабатырланып, Кыргызстандын президентине, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) баштаган күч кызматтарына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу ал "Азаттык" үналгысына да маалымдап, УКМКга расмий арыз менен 24-июлда кайрылаарын да билдирди:

- Мен расмий да кайрылам. Бирок мындай "баш кесер" чакырыктар социалдык тармактарга жарыяланып, таратылып жатканына коопсуздук кызматы көңүлбуруугатийиш. Анткени, соцтармактаркоомчулуктаактивдүүрольойнойт. Алжактанмаалыматалгандар көп. Демек, мындайдеңгээлдегичакырыктаргаменинарызымдыкүтпөйэле, коопсуздуккызматтарыкөңүлбурушукерек.

Олжобай Шакир айрым динчилдердин чектен чыгуусуна мамлекет жол берип жатат деп кошумчалады.

Жазуучу-блоггер Олжобай Шакир Фейсбукта шаар жергесинде азандын өзгөчө катуу доош менен жаңыртылып чакырылышына каршы билдирген жекече жоруму үчүн жакында коркутуп-үркүтүүлөр болгонун жазып чыкты. Ал гана эмес интернеттеги коомдук тармактын бир пайдалануучусу өз оюн эркин билдирген бул кыргыз жазуучусунун "башы үчүн акча сайганы" тууралуу маалымат жарыяланып, кызуу талкуу бутасына айланды.

Бул окуя боюнча азырынча УКМКдан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Мындан мурда УКМК соцтармактарда бийликти сындаган пикир жазганы жана китебинде диний маселелерге кайрылгандыгы үчүн айрым жарандарды суракка чакырганы белгилүү.

Баш мыйзамга ылайык, пост-советтик Кыргызстан секулярдык (б.а. дин мамлекеттик башкаруудан ажыратылган) жумурият болуп саналат. (ZKo)

 

Источник: "Азаттык"