Эң башкы күбө колго түштү, Максим Бакиев өмүр бою камалабы?

Обратите внимание на дату публикации.

Буга чейин Улуу Британиянын жараны Шон Дейли канкор президенттин уулу Максим Бакиевди “өмүрүмө кол салып, коркунуч туудурду” деп Улуу Британияда сотко берген. Жакында дал ушул иш боюнча эң башкы күбө болгон Израилдин Берти Синбетти аттуу жараны колго түшкөнүн Grand profi компаниясынын юристтери билдирди. Юристтердин маалыматына караганда Синбетти 9-июнда Улуу Британиянын аймагында колго түшүрүлгөн. Ага Ангилиянын Улуу соту “2016-жылда сотту урматтаган эмес, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан” деген айып коюп жатат.

Юристтердин айтымында, эгер Синбеттинин көрсөтмөсү ишке дал келе турган болсо Максим Бакиев Улуу Британиянын мыйзамынын негизинде өмүр бою соттолот. Адвокаттардын айтымында, бул иш боюнча башка күбөлөр болгон Эльвира Сурабалдиева менен Замир Бекбоевдин көрсөтмөлөрү да абдан маанилүү. Учурда бул сот иши кайра жандана турган болуп турат. Демек, Синбеттинин көрсөтмөсү ишке дал келе турган болсо канкор президенттин уулу Максим Бакиев өмүр бою камалганы турат.

Белгилей кетсек, “Оксус” аттуу британиялык компаниянын өкүлү Шон Дейлиге 2006-жылы Бишкекте кол салуу болуп, Дейли дарыгерлердин жардамы менен тирүү калып, Кыргызстандан кеткен.

Источник: Focus.kg