БАКЫТ БАКЕТАЕВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ: “ЕВРОПА БИРИМДИГИ УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН КЫРГЫЗСТАН ТУУРАЛУУ БЕРГЕН АРЫЗЫН КОЛДОБОЙТ, АЛАР ДЕЛЕ БИЗДЕГИ АБАЛДАН КАБАРДАР”

Обратите внимание на дату публикации.

– Жакында “Бир дүйнө Кыргызстан” бейөкмөт уюуму, “Адилет” укуктук клиникасы Адам укугу боюнча эл аралык федерация (FIDH) менен бирге Европа Биримдигине Кыргызстандын үстүнөн арызданыптыр. Алар президенттик шайлоо жакындап Кыргызстандагы укук коргоочуларга, оппозиционерлер жана журналисттерге куугунтук күч алганын айткан. Мындай жалааны Европа Биримдиги кандай кабыл алат деп ойлойсуз?

– Албетте, Европа Биримдиги бул арызды карап чыгат. Ал жерде деле сөз эркиндиги, жоопкерчилик эмне экенин абдан жакшы билген адамдар иштейт. Менин оюмча, Европа Биримдиги укук коргоочулардын Кыргызстан тууралуу айткандарына ишенбейт жана аларды колбобойт. Анткени, алар Кыргызстандагы абалды абдан жакшы билет жана бизде сөз эркиндигин айрымдар спекуляция кылып жатканын түшүнүп турат. Эми туура эмес маалымат таратып, “кара пиар” менен гана алектенгендерди коргой берген уюм кантип аброй топтосун? Ошол ЕБ кайрылгандар деле ММКнын жалган маалыматынан жапа чеккендердин укуктарын ойлоп көрбөйбү? Керек болсо ЕБге кирген мамлекеттерде деле жалган маалымат тараткан ММКлар соттолуп жатат.

– Укук коргоочулар адам укугу деп оюна келгенди жасап жатканы жашыруун эмес. Негизи эле жалган маалымат тараткан ММКлар менен соттошуу демократияга доо келтиреби?

– Сөз эркиндиги, демократия деги башка адамдын укуктарына келгенде токтойт. Тактап айтканда, башка жарандын укугун бузууга болбойт. Бизде сөз эркиндигине жамынып башкалардын укуктарын тепсеп жатпайбы. Европадагылар деле биздеги мындай көрүнүштү көрүп турат. Андыктан укук коргоочулардын позициясын колдобойт деп ишенем.

Источник: kurch.kg