Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу: “Жоопкерчилик, мыйзам сакталган жерде гана сөз эркиндиги орнойт”

Обратите внимание на дату публикации.

-          Россиялык миллиардер Олег Дерипаска Американын Associated Press агенттигин сотко берди. Анын бул кадамга баруусуна аталган басылманын жалган маалымат таратканы себеп болгон. Буга чейин АКШнын жаңыдан шайлаган президенти Д.Трамптын аялы да Британиялык журналды сотко берген эле. Муну дүйнө жалган маалымат менен күрөшүп жаткан деп түшүнсөк болобу?

-          Ар бир мамлекет жалган мааламат менен күрөшүшү керек. Калпты чындай кылып элге таратуудан керек болсо согуш чыгып жатат. Чынында акыркы учурда ММКнын күчү абдан күчөп кетти. Кээ бир күчтөр муну пайдаланып, жалпы стабилдүүлүктү бузуп жатат.

-          Ошол эле учурда ММКлар керт адамга асылып, жалаа жаап жатпайбы?

-          Адамга эч качан жалаа жаппаш керек. Эгер аткарган иши тууралуу сындай турган болсо аны далилдеш керек. Чала була маалыматтар менен кимдир бирөөнү коомчулук астында каралоо Кудайга да жакпайт. Мына ушундай жалаа жапкандарга өтө катуу чара көрүш керек. Эл деле муну түшүнүп турат.

-          Айрым маалымат каражаттары аша чаап баратканда сотко кайрылсаң дароо сөз эркиндиги деп чыгат. Сөз эркиндиги менен жалган маалыматтын айрымасы канчалык?

-          Жазганын далилдей албаса ал сөз эркиндиги эмес. Жалааны сөз эркиндигине аралаштырбаш керек. Маселен, мени кайсы бир маалымат каражаты жамандаса, “сөз эркиндиги, мен ит экенмин” деп кала беремби? Эч качан мындай болбойт. Жоопкерчилик, мыйзам сакталган жерде гана сөз эркиндиги орнойт. 

Источник: Focus.kg