Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Оппозициянын дараметине эл эле баасын берип жатат”

Обратите внимание на дату публикации.

- 27-апрелде өздөрүн оппозиция эсептеген саясатчылар форум өткөрүп жатат. Алардын катарында коррупциялык аракеттери менен белгилүү болгон А.Келдибеков, Р.Жээнбеков сыяктуулар бар экен. Түшкөн кийин акыл айткан бул саясатчылардан жакшылык күтсө болобу?
— Кандай гана проблема болбосун угуш керек. Эгер керектүү маалыматтарды бере турган болсо тиешелүү органдар аны колдонсо болот. Кыргызстан демократиялуу мамлекет, ким болбосун оюн ачык айта алат. Ошол үчүн да оппозициялык маанайдагы саясатчылар жыйын куруп өз пикирлериң кеңири жайылтууда.
— Бирок, бул саясатчылар чоң кызматтарда иштеп туруп бир нерсени кыйратпагандан кийин кайра эле ишене беребизби?
— Чындыгында Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн буларда шанс жогору болгон. Чоң кызматтарда, чечүүчү орундарда отурган. Тилекке каршы, жыйынтыгын көрдүк. К.Бакиевдин учурунда ошол эле А.Мадумаров чоң коррупция болгон жерде унчукпай иштеп турбады беле. Эми бул саясатчылардын кайра бийликке умтулуп жатканына эл баасын берсин.
— Ушундай саясатчыларга элибиз кайрадан үмүт арта алабы?
— Булар деле Кыргызстандын жараны. Алардын ар бири президенттик шайлоого катышса болот. Бирок, дайыма президенттик же парламенттик шайлоого жакын калганда активтешкени кызык. Мындай саясатчылар моралдык жагын түшүнбөй жатат. Бийлик талашуу оору да. Ошол үчүн болуп жатса керек.
— Азыркы оппозициянын дараметине кандай баа бересиз?
— Эми оппозициянын дараметине эл эле баасын берип жатпайбы. Эгер оппозициянын деңгээли жогору болуп, аларды эл колдогондо лидерлери камакка алынганда көтөрүлөт эле да.

Источник: Focus.kg