Бийликти күч менен басып алууну көксөгөндөр сот тарабынан жазасын алды

Обратите внимание на дату публикации.

17-апрелде бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган оппозициялык маанайдагы саясатчыларга соттун өкүмү чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, Дастан Сарыгуловду төрт жыл камакка алынса, анын үч жылын шарттуу түрдө өтөө өкүмү окулду.  

Белгилей кетсек, өткөн жылы 24-мартта саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Андан кийин өлкөдө төңкөрүш уюштурууга белсенген Эрнест Карыбеков, ага насаатчы болгон Дастан Сарыгулов камакка алынган болчу. Бул саясатчылардын бийликти күч менен басып алууга болгон аракети аудио, видео тасмалар менен далилденген соң гана кылтакка илинген.

Соттун чечими абдан туура болгон экен. Анткени, мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн, туруктуулугун бузууга аракет кылгандар катаал жазага тартылышы керек. Эртеңки күнү биздин Кыргызстанды каалагандай калчагысы келген арам ойлууларга бул сабак болушу кажет. Анын үстүнө бул “жортуулчулардын” төңкөрүш жасоо аракетин толугу менен тастыктаган тасма бүт элге жарыяланбадыбы. Кокус алар акталып кеткенде эл арасынча чоң нааразычылык толкуну пайда болмок.  

Ал арада Жалал-Абадда Бектур Асановдун 50дөй тарапташы митингге чыгып аны бошотууну талап кылыптыр. Соттун чечимине эч ким кийлигише албайт. Эгер бул саясатчыларга курулай доомат артылып, аларды негизсиз күнөөлөгөндө сот мындай чечим чыгармак эмес. Анткени, сотто ар бир деталдар эске алынат. 

Источник: Focus.kg