Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан соода борборун курууга Бабановдун үй-бүлө мүчөсү алган 17 млн доллар насыяны өндүрүшкө багыттасак пайдасы көп болоор беле?..

Обратите внимание на дату публикации.

ишкектин Айтматов (мурдагы Тынчтык) проспектисинде канча бир жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан соода борбору Бабановдордун үй-бүлөсүнө таандык экени ачыкталды. Бул тууралуу, бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынында өзү тастыктады. Буга улай, кечээ жакында интернетте аталган соода борборун курууга Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан Бабановдун тууганы 17 млн доллар насыя алганы тууралуу маалымат да чындык экенин билдирди. “Азия Молл” соода борборуна анын жакын туугандарынын бири ээлик кыларын айткан Бабанов: “Ал менден Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондусуна кайрыла аламбы деп сурады. Мен албетте, рыноктук шартта, эмнеге болбосун деп” жооп бергем. Менин билимшимче, башка соода борборлору деле каражат алышкан. Тууганым фонддон насыя алса эмне экен, инвестиция өлкөдө калып жатпайбы, өзүбүз 25 млн доллар жумшадык, 17 миллион насыя алдык»,-деди.

Буга чейин Бабановдордун үй-бүлө мүчөсү 17 млн доллар насыя алгандыгы боюнча Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондуна кайрылып деле жооп ала алган эмеспиз. Кат жаздык жооп жок. Катты карап койгула деп телефон чалдык, ооба макул деп дагы жок. Эми минтип Бабанов өзү ачыктап отурат.

Ал эми анын тууганы канча насыя алса ала берсин дечи. Ага ич күйдүлүк кылган жерибиз жок. Бул жерде айтайын дегеним, фонд өзү 500 млн доллар өлчөмүндө насыя берүүнү пландап жатса, анан 17 млн долларды бир эле ишкер, болгондо да байлыгы ашып-ташыган үй-бүлө алганы бир аз кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратары бышык. Анчалык эле акча зарыл болуп жатса Бабановдор эмнеге өзүлөрүнүн “Кыргызстан” коммерциялык банкынан насыя алышпай, кыргыз экономикасын көтөрүү максатында ачылган фонддун акчасына кызыгышат? Жооп жөнөкөй, фонддун насыясынын үстөк пайызы арзан, жылдык үстөгү болгону 12%ды түзөт. Ал эми насыя берүү менен алектенген Бабановдорго таандык “Кыргызстан” банкы бизнес үчүн берилүүчү насыялардын пайыздык коюмдары 32%ды түзөт. Апенди деле бул нерсени жакшы түшүнсө керек. Мына ошол 17 млн долларды жөн гана кызмат көрсөтүүчү соода түйүнүн курууга эмес, жүздөгөн керек болсо миңдеген адамдарды жумуш менен камсыздай турган өндүрүш ишканаларын ачууга багытталган долбоорлорго берсе болбойбу? Өнүгөм деген өлкө инвестицияны өндүрүш ишканаларын ачууга жумшайт да. Не демекчибиз, айла жок казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса дечү беле…

Источник: egemen.kg