Бабанов кантип миллионер болгондугун айтып берди

Обратите внимание на дату публикации.

«Республика -Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов кантип миллионер болгондугун айтып берди. Президенттик шайлоонун алдында ар кандай кара пиярлар уюштурулат. Менде коомчулуктан жашырган эч нерсем жок. Мүлктүн баары Бабановдордун үй бүлөсүнө тиешелүү. Бизди атабыз жаштыгыбыздан ак эмгек менен акча табууну үйрөткөн. Менин үй бүлөм өздөрүнүн эмгеги менен акча табышат. Эч ким эч кандай обьекти өзүнө мыйзамсыз өткөрүп алган эмес. “Газпромду” Кыргызстанга биз алып келгенбиз деди”,- Өмүрбек Бабанов.

«Альянстагы 50% үлүшүмдү 100 млн долларга «Газпромго» саттым. Көп сөз айтылган «Жерүй» тууралуу айта турган болсом, кен боюнча тендер жарыяланган учурда мен эч кандай кызматта эмес болчумун. Менин кичи мекенимде жайгашкан кенге «Альянс» инвестиция салып 100 миллион долларга сатып алган. Азыркы учурда ал жерге 190 млн долларлык инвестиция салынды. «Жерүйдө» менин 20% үлүшү бар делген жалган. «Альянсты» саткандан кийин «АКБ Кыргызстан» банкын 25 млн долларга сатып алганбыз. Бишкекте курулуп жаткан «Азия Мол» соода борбору боюнча сөздөр айтылып жатат. Ал менин жакын тууганыма тийиштүү мүлк. Кыргыз-Орусия фонду боюнча фондду кыргыз тарап эмес, орусия тарап чечет. Алардын талабына жооп бербей турган болсок, алар мындай кредит бербейт болчу. Бүгүн өлкөдө экономиканы көтөрө турган долбоорлор болсо фонд каржылашы керек. Банкта 1 пайыздан жатканча ушундай иштер жасалсын да»,- деп байлыгын санап берди Бабанов.

Источник: fakt.kg