Сөз эркиндиги кысымга алынууда деген оппозиция өкүлдөрү Токтайым Үмөталиеваны митингден кууп чыгышты

28 февраля 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ары-бери өткөндөр көбүрөөк эмеспи деген ойдо болушканбы, айтор, УКМКда сурак берип жаткан Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган митингчилер бүгүн Ала-Тоо аянтын тандашыптыр. Ага ата мекенчилер, саясый жана коомдук активисттер чогулуп, өзүлөрүн  оппозициянер атагандардын баягы эле дүжүр сөздөрү кайталанууда. Митингдерде тамадалык кылып жүргөн “дубал сүрөтчү” Адиль Турдукулов кечээ УКМКнын алдында баарын көчөгө чыгууга үндөп, башка дагы саясатчылардын келип пикирлерин билдирүүсүн какшап жаткан.

Баарына эркин микрофон берилсе анда бүгүн сүйлөп коеюн деген Токтайым Үмөталиева да чогулгандарга келип кошулду. Бирок, “ата мекенчилер” ага сөз бербей, чогулгандар аны жаалданып араларынан кууп чыгышты. Ал эми митингде сөз сүйлөп жаткан оппозиция өкүлдөрүнүн өзүлөрү сөз эркиндиги кысымга алуунууда деген пикирлерди айтып жатканы кызык. Сөз эркиндиги үчүн күрөшүү керек деп бакылдап жаткан ошол эле Турдукулов Үмөталиевага микрофон берүүдөн эмнеге кооптонду? 2010-жылы 7-апрелде канкор Бакиевдер элди аттырып жатканда дал ушул укук коргоочу айым ак чүпүрөгүн көтөрүп ок жаадырып жаткан Ак Үй тараптагыларга барып, аларды эл менен бирге болууга чакырып жүргөнүн унутуп калыштыбы?.. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам, кечээки митингде да, бүгүнкү митингде да Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин бири да басып келбей жатса керек.

Источник: egemen.kg