Максим Бакиевдин жерин “ата мекенчилер” ээлеп жатканы тастыкталды

24 февраля 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кызматтан убактылуу кетүүгө аргасыз кылган Максим Бакиев тартып алган жер тилкесинен “Ата Мекен” партиясынын кулагы көрүндү эле. Өткөн жумада Болот Шерниязовдун иниси Баткен Шерниязов аталган участоктон пайда таап жатканы маалымдалган. Азыр болсо “Ата Мекен” партиясынын дагы бир мүчөсү Нурсейит Бектурсунов чыга калып, Б.Шерниязовду актап, аталган жер тилкеге өзү ээлик кыла турганын айтты.

 “Бүгүнкү күндө аталган жер тилкесине мен ээлик кылам. Баткен Шерниязовдун ага тиешеси жок”, — дейт ал. Мындан сырткары Бектурсунов  убагында “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болгонун тастыктады. “Мен ыңкылапка чейин “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болгом”, — деп ырастады ал.

2010-жылга чейин “Ата Мекен” партиясына чуркап, алардын жетеги менен жүргөн Нурсейит мырза мүмкүн мародерчулуктун шааниси менен бул партиядан убактылуу чыккандыр. Анткени, тартып алынган мүлктөрдү партиядан сырттагы адамдарга каттатуу чоң кызыкчылык экени айтпаса деле көрүнүп турат. Канткен менен, Максим Бакиевдин жеринен мародерчулукка шектелген партиянын мүчөлөрүнүн кулагы кылтыйып чыгып атканы анык.  

            Эми бул фактыга укук коргоо органдары олуттуу көңүл буруп, күнөөлүүлөрдү статусуна карабастан жоопкерчиликке тартышы керек. 2010-жылдын 7-апрелинде элибиз акыйкаттыкты талап кылып, канкор Курманбек Бакиевди үй-бүлөсү менен мөндүрдөй жааган окко карабастан тактан кулаткан маалда айрым “ата мекенчилердин” мародерчулук менен шугулданганы өтө чоң тарыхый кылмыш болуп саналат. Мындай “баскынчыларга” мыйзам чегинде эң оор катаал чара колдонуу зарыл. Эгер Кытайда мындай көрүнүш катталганда күнөөлүүлөрдү сурак-сопкуту жок эле дубалга такап атып коюшмак. Бизге да балким ошондой катаал чара керек болуп турабы? 

Источник: Focus.kg