Текебаевдин калпы кайрадан ашкереленди: түркиялык авиакомпаниянын жетекчиси жүктүн Стамбулга бармактыгын бышыктады

Обратите внимание на дату публикации.

Кырсыктан саясат жасаган жагынан «мастер» экенин «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев ушул жолу катуу көрсөттү.«Манас» аэропортуна жакын жайгашкан «Дача СУ» айылына Боинг-747 учагы кулап, 20 чакты үй талкаланып, 39 мекендешибиз каза болуп, элибиз кайгыга батып турса, Текебаев «Учактагы жүк кимдики эле? Ал жүктөн кимдир-бирөө баланча миллион таап жүрүптүр» деп күпүлдөп чыккан. Анан дагы оозу-мурду кыйшайбай туруп эле Боинг-747 учагы Кыргызстанга жүк түшүрүү үчүн конмок болгон деп билдирген.

Ага караштуу “Сентябрь” телеканалы да «кожоюнунун» пикирин колдоп, коомчулуктун башын айлантып келишет. Бирок, калптын өмүрү кыска болот деген чын экен, аны АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору ырастады.

Тактап айтсак, 31-январда 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрдү кабыл алды. Бул жолугушууда эки тарап кырсыктын чыгымдары тууралуу сүйлөшүштү.  Түрк тарап чыгымдар боюнча жардам берүүгө, жетим калган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө, аларды орто мектептен баштап жогорку билим алуусуна чейин камкордукка алууга жана башка мамлекеттик чыгымдарды биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирди.

Ошол эле убакта АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш Боинг учагы буга чейин Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча бир нече жолу жүк жеткиргенин, ар бир каттамда учак Бишкекке конуп, кошумча күйүүчү май куюп, экипаж мүчөлөрүн алмаштырып келгенин билдирди. Эң негизгиси ал кырсыкка кабылган учактагы жүк Бишкекке багытталбаганын билдиргени болду.

Демек, учактын ээси болгон өкүлдөр андагы жүк кайда бараарын чындыгында биле турганын эске алганда, Текебаев каратып туруп калп айткан болуп калабы? Чоң ата сакалы ээгине бүтүп, чачы жыдый баштаганда ашкере калпычы болуп бараткан саясатчыны эми эмне деп атайбыз?

 

Источник: Focus.kg