Жээнбеков: Президент болом деген саясатчылар Москвага каттай баштады

Автор: Орозгуль Арстанова
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келээри катуу талкууга алынууда. Көпчүлүк Путиндин келишин күзүндө боло турган шайлоолор менен байланыштырууда. Бирок экс-депутат Равшан Жээнбеков болсо Путиндин бул сапарынын максаты такыр башка деп эсептейт. Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде Орусиянын кошуналарына болгон таасири азайганын айтат.

«Алардын экономикасы начарлаган сайын Борбор Азиядагы мамлекеттер өздөрүнө каржы булактарды башка жактан издөөдө. Мына ушундай абалда Путин биз силерди ар дайым колдойбуз деген таризде Борбор Азияны кыдырышы мүмкүн. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында да пикир-келишпестиктер көбөйүп баратат»-дейт Жээнбеков.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков Путин Кыргызстанга келип президенттик шайлоого старт берет дегенге кошулбайт.

«Орусия кийинки президенттин ким болорун бул жакка келип чечпейт. Алар президент болом дегендерди Москвага чакырып алып эле сүйлөшөт. Айрым саясатчыларыбыз ансыз деле Москвага ачык түрдө да, жабык түрдө да барып-келе башташты»-деп кошумчалаган экс-депутат.

Эске салсак, Владимир Путин Бишкекке 28-февралда келиши  мүмкүн. Бишкектеги жолугушуулардан соң, ал Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына сапар тартат.

Источник: maralfm.kg