Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол коюлду – өнүгүүнү, туруктуулукту жана көз карандысыздыкты камсыздоочу Башмыйзам болсун

Обратите внимание на дату публикации.

27-январда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол койду. Бул аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, парламенттик фракциялардын лидерлери, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, алардын ичинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын төрагасы, шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Мамлекеттик комиссиянын башчысы катышты.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев жаңы Конституцияга 40тын тегерегинде өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи.«Мамлекеттик жана расмий тилдердеги так эместиктер, бурмалоолор жана карама-каршылыктар жок кылынды. Алар 60тан ашуун. Жумушчу тобу кылдат ишин аяктады. Сиздердин алдыңыздарда так эместиктерден тазаланган оригиналдуу текст», — деди ал. Ошондой эле ал жаңы Конституцияга кол коюлган соң төрт вариантын бийлик бутактарына бере турганын, ал эми түп нускасы (оригинал) президенттик аппаратта сактала турганын билдирди. Андан сырткары Конституция «Эркин Тоо» гезитине жарыяланып жана өзүнчө брошюра болуп басылып чыгаары айтылды.

Албетте, бул жаңы Конституцияны жалпы кыргызстандыктар өткөн жылдын 11-декабрында референдум аркылуу жактырышкан. Анда өлкөбүздүн көз карандысыздыгына, коопсуздугуна келтирилген коркунучтар алынып салынган. Ошондой эле бийлик бутактарынын ортосундагы карым-катышты жакшыртуу, өкмөттүн стабилдүүлүгүн камсыздоо багытында өзгөртүүлөр киргизилген. Эми жаңыдан Мамлекет башчысы тарабынан кол коюлган Башмыйзам өлкөбүздүн өнүгүшү, көз карандысыздыгы, стабилдүүлүгү жана бүтүндүгү үчүн кызмат өтөсүн деп гана тилек кылабыз.

Источник: Focus.kg