Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Кыргызстанда демократия ашып-ташып жатат, а Салянова камап койгондон коркуп кыйкырып жатат

Обратите внимание на дату публикации.

– “Ата мекенчи” депутат Аида Салянова Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, Кыргызстанда демократия жок деп, сөз эркиндигине кысым болуп жатканын айтып чыкты. Чын эле азыр биздеги кырдаал ошондойбу?

– Аида Салянованын деле түшүнүп жатабыз. Анткени, ал бүгүнкү күндө радикалдуу оппозициянын өкүлү. Мындан сырткары, ага кылмыш иши козголду. Бир тууган агасы оор кылмышка айыпталып жатат. Жолдошу да чуулуу иштерге аралашып, ал боюнча да түрдүү кептер айтылууда. Негизи Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча кылмыш иши аягына чыгышы керек. Бул боюнча иш ачылган. Эгер тиешелүү органдар аны күнөөлүү деп тапса, депутаттардын макулдугусуз эле камалат.

– Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым болуп жатат деген айыптоолоруна кошуласызбы?

– Эч качан. Кыргызстандагы демократия эч бир өлкөдө жок. Ал ашып-ташып жатат десек да болот. Президенттен баштап баарын сындап жатабыз. Баары укуктук жол менен баратат. Салянова болсо юрист катары оор кылмыш жасаганын билип, түшүнүп турат. Ал эми Кыргызстанда Акаев, Бакиев маалындагыдай эч кимге саясий куугунтук же кысым болгон жок.

Источник: egemen.kg