Президент Алмазбек Атамбаев 4-январда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулады. Жумкадыров улуттук коопсуздукту бекемдөө, өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн жасалып жаткан иштерди президентке баяндап, мамлекеттик органдар тарабынан терроризм жана экстремизмге каршы кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Президенттик аппарат кабарлагандай, жолугушууда өлкө жетекчиси укук коргоо органдарын реформалоо ишинин жүрүшүнөн да кабар алды.
Белгилей кетсек, Түркияда Жаңы жыл түнү болгон терактты Кыргыз Республикасынын жараны уюштурган болушу мүмкүн деп Түркиялык ММКлар маалымат таратышкан. Шектелген жаран Жаңы жыл түнү Кыргыз мамлекетинде болгонун, аталган терактка эч кандай тиешеси жок экенин айтып берди. Мамлекеттик каттоо кызматы анын паспорту жасалма эмес экенин билдирип, Стамбулдагы кыргыз консулдугу Түркиянын маалымат каражаттарынан тактоочу маалымат жарыялоону талап кылууда.