Кыргызстан-Өзбекстан мамилесинин жаңы барагы ачылды

27 декабря 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Узак жылдардан бери карай коңшулаш Өзбекстан менен болгон мамилебиз солгундап, майда-барат чыр-чатактар, келишпестиктер менен коштолуп келгендигин жашыруу албетте кыйын. Кыргыз эли эзелтеден «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп айтып келишкен. Андыктан кошуна өлкөлөр менен жакшы мамиледе болууга ар дайым болгон аракетин жумшап келишет.

Узак жылдык солгун мамиледен кийин коңшулаш Өзбекстан менен болгон мамиле кайрадан жылуу тарта баштады. Бул албетте көңүл кубанта турган жагдай. Кече жакында эле, тактап айтсак 24-декабрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Самарканд шаарына расмий иш сапары менен барып Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту.

Бул жолугушууда мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана регионалдык саясат маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. «Мындан туура 20 жыл мурун биз биздин мамлекеттер ортосундагы достук тууралуу келишимге кол койгонбуз жана бүгүн биз жаңы баракты ачып атабыз, эми бул келишим жөн гана кагаз болбойт», – деп билдирди Алмазбек Атамбаев ал жолугушууда. Ошондой эле ал Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун өлкө ичиндеги стабилдүүлүктү сактай алгандыгын баса белгилеп, анын жаткан жери жайлуу болушун тиледи.

Мындан сырткары Шавкат Мирзиеевдин Өзбекстанга президент болуп шайланышы менен куттуктады. «Мен сизди Өзбекстандын президенти болуп шайланышыңыз менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиз мен тууганым деп эсептеген адамсыз, сиз мага өтө жакынсыз… Сиз Өзбекстан күткөн лидерсиз. Эми экономиканын өнүнүгүшүнө, барьерлерди алып салууга чоң күчтү жумшоо керек. Бизде мурун бир мамлекет болгон. Кокон хандыгы, анда чек ара болгон эмес», – деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Шавкат Мирзииев биргелешкен аракеттер менен биз бирдиктүү соода-экономикалык кызматташууну күчтөнтө алабыз деп айтты. Ошондой эле ал Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга расмий иш сапары менен келгенине кубанычта экендигин билдирди.

Бул иш сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын биринчи президенти Исалам Каримовдун күмбөзүнө барып гүл коюп, куран түшүрдү.
Андан тышкары Шавкат Мирзиеев менен биргеликте бир катар ишканаларды кыдырып, жана Өзбекстандын президентинин де малыш күндөрү айдап чыга турган автомобилин көрдү.

КР Президентинин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков да бул жолугушуу тууралуу өзүнүн пикирин маалымат булактарына билдирди. «Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандын Самарканд шаарына жасаган иш сапары өтө жогорку деңгээлде болгонун белгилегим келет. Биз жыйынтыктарына өтө канааттандык. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин мамилелеринин күн тартибинде турган бардык маселелер талкууланды. Мен өтө алдыга кетким келбейт, бирок биз позитивдүү деңгээлде кетип атканыбызды белгилегим келет. Айрым деталдарды иштеп чыгуу керек жана биздин принципиалдуу макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча би зэки айдан кийин брифинг жасайбыз», – деди ал.

Ал бул иш сапар – Шавкат Мирзиеевдин Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийинки биринчи чет элдик мамлекеттин жетекчилигинин биринчи иш сапары экенин баса белгиледи. «Бул эки эсе кубанычтуу. Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, Шавкат Мирзиеев бардык протоколдук иш-чаралардан чыгып, президент Алмазбек Атамбаевди жеке өзү аэропортко узатып барды. Кыргыз делегациясында иш сапардан өтө позитивдүү таасирлер калды. Биз мамлекет башчыларынан бир айдын ичинде иштелип чыгышы керек болгон конкреттүү тапшырмаларды алдык. Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн күн-түнү иштейбиз», – деди Сапар Исаков.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Сапар Исаков бүгүнкү күндө тараптар биздин чек аралардын болжол менен 70%ын белгилешкенин билдирди. «Мамлекет башчылары эки тараптуу жолугушууда бул маселеге да кайрылышып, чек ара маселелери боюнча бар бардык маселелерди январь айынын орто ченине чейин иштеп чыгууну тапшырышты. Делимитация, демаркация маселелерине жооп бере турган тиешелүү мамлекеттик органдар бул маселелер менен тыгыз иштешишет. Январь айынын орто ченине чейин тараптар чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп терең ишенем», – деди ал.

Бул иш сапар тоңуп турган музду жарып, жылуулуктун учкундарын таратты десек туура болот. Эми ушул темпти жоготпой, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана экономикалык кызматташтык мамилелерди өнүктүрө берүү керек.

Источник: egemen.kg