Абдрахманов: «Текебаевдердин «Мегакомдун» акцияларын алышы мүмкүн эмес эле»

Автор: Каныкей Бозгунова
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Белиздеги офшордук компаниядан келди деп УКМК тараткан документтердин жасалма экендигин айтып жатат. Эл өкүлү  муну иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Анткени эки күн мурун УКМК оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан. Муну коопсуздук комитети Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып билдирген. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдрахманов менен «Күн чекитте»мектештик.

— Белизден келген документтер түп нуска эмес, көчүрмөсү экендиги айтылып жатат. УКМК жана Башкы прокуратура бул маалыматты далилдебей туруп, шашылыш таратып жибердиби?

— Биринчи, бул маселе кайдан чыккандыгына бир аз токтоло кетсем. Мен депутат болуп келгенде аябай таң калгам. Эмнегедир, өкмөт Максим Бакиев ээлеп алган «Мегаком» компаниясынын 49 пайызын гана улутташтырып, 51 пайызын калтырып койгон. Муну кандай деп түшүнсө болот?.. Ошондо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бирөө дагы бул маселени көтөргөн эмес. Мен парламентке келгенден кийин бул маселени улам-улам көтөрө берип, андан соң депутаттык комиссия түзүшүп, мени анын төрагасы кылган. Анда биз эч нерсени текшербей туруп, документтерди чогултуп, «51 пайызы тезинен Кыргызстанга кайтарылсын, соттор, прокурорлор ушул боюнча иш алып барсын» деген чечим чыгардык. Ушунун негизинде 51 пайыз өлкөгө кайтарылып, Кыргызстанга иштеп жатат.

Экинчиден, менин оюмча ошол кезде Текебаевдин дагы, Салянованын дагы, Шыкмаматовдун дагы Елисеев менен же Максим менен сүйлөшүп, алардын акциясын алганга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болчу. Мен азыр Текебаев менен каршылашып жүрөм, бирок, мен чындыкты айткым келет.

Анткени, ал убакта Максим дагы, Елисеев дагы качып жүргөн. Алардын фирмасынын кайсы офшордук компанияда катталгандыгынын дайыны жок болчу. Анын үстүнө биз Жогорку Кеңеште компанияны мамлекетке өткөрөбүз деп атсак, аны кантип Текебаевдер алып алышы мүмкүн?.. Дагы бир айта кете турган нерсе, Текебаев Россиялык бир компанияга менен сүйлөшкөндө мен дагы катышкам.  Аларга убада кылып кийин акча алып койгон экен. Бул башка маселе. Бүгүнкү болуп аткан чырлар, фактынын негизинде эмес, кээ бирөөлөрдүн интернетке жарыялап жиберген маалыматтарынын негизинде болуп атабы деп ойлойм. Ошон үчүн, бирөөгө күнөө таккандан мурун, бардык фактыларды ишеничтүү түрдө тактап анан көтөрсө, бийликке дагы, башкаларга дагы жакшы болмок. Анткени уят болуп калышы мүмкүн.

— «Альфа Телекомдун» акцияларын улутташтырып жаткан учурда ушундай маалыматтардын чет бучкагы чыккан эмес беле? Эмнеге ошол учурда көтөрүлгөн эмес?

— Ал убакта мындай маселелер көтөрүлгөн эмес. Эмнегедир, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири дагы көңүл бурбай, мен муну көтөргөндө бир дагы депутат, ошол эле Текебаев дагы колдогон эмес. Бирок, 51 пайызын келечектеги инвесторго алып беребиз деген ой менен бергенби деп ойлойм.

 — Бул айыптоого депутат Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлөп жатат. Айрым эл өкүлдөрү аты аталып жаткан офшордук компаниянын алдамчылык иштер менен алектенээрин айтышты. Бул эки саясатчынын ортосунда акыркы учурдагы тирешин күчөтүү максатындагы үчүнчү күчтөрдүн аракети эмеспи?

— Эгер биз демократияга умтулабыз десек, бири-бирибизди чукуп, күнөөбүздү айтышыбыз керек. Атамбаевдин жана Текебаевдикин дагы айтышыбыз зарыл. Ошондо гана кийинки саясатчылар тескери ишке барбай, түз жүрүп, моралдык жактан дагы таза болуп, элдин ишеничине кирет. Же болбосо, азыркы саясатчыларда бийлик, байлык үчүн күрөшкөн, көмүскө отуруп интрига менен алектенгендер көбөйүп кетти.

 — Тиешелүү органдар бул ишти териштиребиз деп жатат. Териштирүү иштери көпкө созулабы? Эгер бул маалыматтар далилденбей калса, кандай кырдаал жаралышы ыктымал?

— Албетте, бул маселе көпкө созулат. Эмне үчүн адамдар фирмаларын, акчаларын офшордук компанияларга барып катат?.. Анткени, аларда эч кимге, эч кандай маалымат бербейт. Салыкты шарттуу түрдө эле төлөбөсө, дээрлик төлөшпөйт. Ошондуктан, өз мамлекетинен корккон адамдардын бардыгы уурдалганбы, башкабы, же ак эмгеги менен тапкан акчабы, ошол жакка алпарып катышат. Ал офшордон бир материалды алууга, документтердин түп нускасы келип калуусу мүмкүн эмес. Эгер, өткөндөгү Панама документтериндей хакерлер уурдап жарыялап жибербесе эле, мамлекет аны эч качан сыртка чыгарбайт. Мындан улам бул иш көпкө созулат жана саясий ахывалга карата чечилсе керек.

 — Ырахмат!

Источник: maralfm.kg