Президент А.Атамбаев Россия өкмөтүнүн төрагасы Д.Медведев менен жолукту

Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга визит менен келген Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Бизди абдан жылуу, достук алака-катыштар байланыштырып турат, ошондуктан Сиз менен жолукканыма кубанычтамын», - деди А.Атамбаев. 
Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын маанилүү маселелери жана кеӊири багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдүн перспективалары талкууланды.
Д.Медведев А.Атамбаевге Россия президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду.
 

Источник: Баракелде